Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:09

ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗДАР ЫРАСМИЙ БИШКЕККЕ ЭСКЕРТҮҮ КЫЛЫШТЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Орусиядагы эмгек мигранттары алдыдагы шайлоолор жана өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча билдирүү таратышкан. “СКИФ” деп аталган агенттик билдиргенге караганда, анда кыргызстандыктар парламенттик шайлоодо добуш берүү укугунан ажырап калганы үчүн кыргыз бийлигине нааразылык айтышкан. Демилгелүү топ тараткан кайрылууда чет жакта жүргөн кыргызстандыктар президенттик шайлоодо да обочодо кала турган болсо, маселе эл аралык сотко чейин жетээри эскертилген.

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар добуш бербейт деген чечим кабыл алган. Бейрасмий маалыматтарга караганда, чет жакта жарым миллионго чукул кыргызстандыктар жүрөт. Бирок ырасмий маалыматка караганда мигранттардын саны мындан бир кыйла аз.

СКИФ деп аталган маалымат агенттиги дүйшөмбүдө Орусияда жүргөн эмгек мигранттарынын атынан кайрылуу таратты.

Анда четте жүргөндөр парламенттик шайлоодо добуш бере албай калганына нааразылык айтылган. Боршайкомдун январь айындагы чечими конституциялык укуктарын бузгандык катары бааланган.

Кыргызстандык мигранттар кокус президенттик шайлоодо да дал ушундай тагдыр күтө турган болсо, кыргыз бийлигинин үстүнөн эл аралык сотко арыз жазаарын билдиришкен. Адам укуктары боюнча кыргыз- америкалык бюросунун жетекчиси Наталья Аблова бул билдирүү менен макул. Анын пикиринде, кыргыз бийлиги элдин конституциялык укугун орой бузду:

- Биздин атуулдардын укугун орой бузгандык. Биз алар менен бирге тынчсызданып жатабыз, ошондуктан биз да кандайдыр бир чара көргөнгө камданып жатабыз. Ар бир атуул добуш бериши керек. Анүчүн атуулдук жана паспорту болгону эле жетиштүү. Ал эми ошол чет өлкөдө жүргөнү мыйзамдуу экенин далилдештин кажети жок. Биздин консулдардын иши тоскоол болбой, добуш берүүгө шарт түзүп бериши керек, - дейт Наталья Аблова.

Орусиядагы мигранттардын көбүнүн парламенттик шайлоодон обочо калгандары жөнүндө кабары бар. Москвадагы кыргыздардын « Биримдик» уюму билдиргенге караганда, бул кеңсеге Орусиянын туш- тарабындагы кыргыздар телефон аркылуу нааразылык билдирип жатышат.

Биримдик уюмунун каттоосу боюнча Москвада 17 миң кыргыз жашайт. Биримдиктин төрагасы Раимкул Аттокуров Азаттыкка телефон аркылуу билдиргенине караганда, Орусиядагы кыргыздардын көбү шайлоодо добуш бере албай калганына нааразы:

- Бизге туш- туштан чалып, нааразы болуп жатышат. Парламенттик шайлоодо добуш беришибиз керек болчу. Кандай кыйынчылыктар болгонуна карабай, мамлекет буга шарт түзүшү керек болчу,- дейт Раимкул Аттокуров.

Борбордук шайлоо комиссисяныны бул чечимин айрым юристтер жана атуулдук коом өкүлдөрү колдоп жатышат. Белгилүү юрист Шамараалы Майчиев чет жактарда парламенттик шайлоону уютушуруш мүмкүн эмес болчу деген ойдо.

Анын пкииринде 70 тен ашык округду кандайча аныктап, кайсы окургудун депутаттарына добуш бердиртиш жагы кыйынчылык туудурмак. Юрист- эксперт президенттик шайлоодо чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар сөзсүз добуш беришет деген ишенимин билдирди.

Бул чечимди атуулдук коомдун айрым өкүлдөрү туура эле көрөт. Демократия жана атуулдук коом үчүн коалциясынын жетекчиси Эдил Байсалов парламенттик шайлоодо чет жактагылардын округун тактоодо жана бюллетендерди жөнөтүүдө кыйынчылык болмок деген пикирде.

Анын пкииринде, чет жактагылардын добушу бурмаланып кетишине жол бергенден көрө аларды добуш берүүдөн четтетип койгон артык деп санайт. Мурунку парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар партиялык тизме үчүн добуш беришкен.

XS
SM
MD
LG