Ички иштер министри Вано Мерабишвили кабарчыларга АКШнын тартип коргоо жана чалгын кызматтары менен кызматташттыкты бекемдөөнү максат кылаарын билдирди. Мунун алдында грузин парламенти президент Михаил Саакашвилинин ички иштер министрлигин мамлекеттик коопсуздук министрлиги менен бириктирүү планын жактырган эле.