Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:33

ИЗРАИЛДЕГИ ЖАРДЫРУУ “ТЫНЧТЫК ЖАРАЯНЫНА” ЖАРАКА КЕТИРДИ


Төрөкул Дооров , Прага Израил “жума күнкү жардырууга катыштыгы бар болушу мүмкүн” деп шектелген беш палестиналыкты колго түшүрдү. Жардыруу Тел-Авивдеги түнкү клубда болуп, андан кеминде төрт адам набыт болгон. Палестинанын жетекчилиги бул карасанатай ишти айыптап, аны жасагандарды табуу аракетин көрүүнү убада кылды. Бирок Израил Палестина террорчу топторду четтетүү аракеттерин дагы да күчөтүшү зарыл экендигин билдирди.

Тел-Авивдеги түнкү клуб эми эле ишин баштап, жаштар жана өспүрүмдөр клубка кирүү үчүн кезектен өтө башташкан.

Түнкү клубдун кожоюндарынын бири Давид Пардез жардырууга өзү күбө болгон:

- Биз эч кандай бузукулук кылган жокпуз. Мен өзүм ашкананын башчысымын. Бир убакта эле болуп көрбөгөндөй чоң жардыруу болуп кетти. Жалындаган өрт терезелерден кирип жатты. Астына чуркадым, ал жерде адамдар сулап жатыптыр. Транспорттук каттамдар иштен чыгыптыр.

Көчө да канга бойолуп, айланада айнектин сыныктары жатты. Тез жардам машинелери жардыруудан жапа тарткандарды жакынкы Ичилов ооруканасына алып кетип жатышты. Бирок жарадар болгондордун үчөөсү жолдо жан беришкени айтылат.

Бул жардыруу региондо коңшулар ортосундагы бир канча жумалык тынчтыкты кайра бузгандай болду.

Палестин лидери Махмуд Аббас менен Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон 8-февралда ич-ара тынчтыкта жашоо тууралуу келишкен болчу. Алар бул келишим эми коңшулар ортосунда тынчтык процессин баштоодо мыкты көрсөткүч болду деп ишенишкен.

Палестин жетекчилиги жардырууну катуу айыптады жана аны жасагандарды табуу ишине киришүүгө сөз берди. Ошондой эле, муну уюштургандар “тынчтык процессине” жарака кетирүү максатын көздөп жатышкандыгын айтты.

Премьер-министр Ахмед Куре жардырууну айыптап чыкты:

- Биз бул окуяны катуу айыптадык, анткени ал биздин саясатка жана стратегиялык максаттарга каршы келет. Биз, палестиналыктар, азыр Израилге жана израилдиктерге каршы кандай гана аракеттер болбосун, аларга каршыбыз жана буга жол берилбеш керек.

Бирок Израил Палестинанын бул билдирүүлөрү курулай сөз эле болбостон, натыйжалуу аракеттер көрүлүшү зарылдыгын айтты.

Тышкы Иштер министрлигинин өкүлү Гидон Мейр сүйлөйт.

- Палестина жетекчилиги менен террор уюмдары ортосундагы келишим эч кандай жыйынтык бербей жатат. Бул өңдүү карасанатай иштерди токтотуунун жалгыз гана жолу – террорчуларга каршы күрөштү күчөтүү жана аларды бүтүндөй мүмкүнчүлүктөрүнөн куру жалак калтыруу. Палестинадан биз жалаң эле убаданы укпай, жигердүү аракеттерди көргүбүз келет. Израил тынчтыкты орнотууга аракет жасап, анан буга жооп катарында жардырууларды алган окуялар эми кайталанбайт ко деп үмүттөнөбүз.

Азырынча Тел-Авивдеги жардырууну ким жасагандыгы так аныктала элек. Козголоңчу негизги топтордон болгон Хамас, Жихад жана Ал-Акса Азапкерлердин Бригадасы деп аталган топтор – бул жардырууга катыштыгы жок экендигин айтышты.

XS
SM
MD
LG