Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Түндүк Корея маселеси боюнча үч өлкө кеп курду


АКШ, Жапания жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү бүгүн Сеул шаарында сүйлөшүү өткөргөндөн кийин, Түндүк Кореяга кайрылып, анын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселелерди талкуулоо үчүн алты тараптуу эл аралык сүйлөшүүгө кайтууну талап кылды. Үч өлкөнүн өкүлдөрү Кытайга да кайрылып, аны дагы - сүйлөшүүнүн улантылышы үчүн бардык мүмкүн болгон аракет көрүүгө чакырды. Түндүк Корея жакында өзөктүк куралга ээ болгонун жана 2003-жылдан бери өтүп жаткан сүйлөшүүдөн чыгып кеткени тууралуу жарыялаган.

XS
SM
MD
LG