БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин 1- марттагы жардыгы менен Чолпонкул Арабаев коомдук башталышта өлкө башчысынын Жогорку Кеңештеги толук ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Президенттин 2- марттагы жардыктарына ылайык, Ысыккөл облусунун Тоң районунун акиминин милдетин убактылуу аткарууга Курманбек Уржанов, ал эми Түп районунун мамлекеттик адмиинистрация жетекчисинин милдетин убактылуу аткарууга Абдималик Эгембердиев дайындалды.