Бул тууралуу бүгүн Ташкенден Пакистан президенти Первез Мушараф билдирди:
-Пакистан менен Өзбекстан терроризмдин курмандыктары. Биз бул коркунучтун бардык формаларын жана көрүнүштөрүн айыптайбыз. Пакистан эч убакта өз жерин террорчулар башка өлкөгө каршы пайдалануусу үчүн жол бербейт.
Первез Мушараф ошондой эле Пакистандын Ооганстан менен чектеш уруулар жашаган аймагында өзбек террорчулары бар экенин моюнга алды. Өлкөнүн Вазирстан деген чөлкөмүндө былтыркы атышуулардын учурунда Өзбекстан Ислам кыймылынын лидери Тахир Юлдаш жаракат алып, бирок колго түшпөй кутулуп кетүүгө үлгүргөнү кабарланган. Өзбек президенти Ислам Каримов болсо Первез Мушарафка ыраазычылык билдирип, Пакистандын өкмөтү террорчуларга каршы күрөштө "чыныгы каармандыкты" көргөзүп жатканын белгиледи. Первез Мушараф бүгүн Өзбекстандагы иш сапарын аяктоодо, ал дүйшөмбү күнү Кыргызстанга келмекчи.