Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:56

СИРИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АЙТКАНДАРЫНА АКШ ИШЕНБЕЙТ


Венера Сагындык кызы, Прага шаары Сирия ишембиде өлкөнүн президенти Башар Асад Ливандагы аскерлерди акырындап чыгарып кетүү планын жарыялагандан кийин эл аралык кысым азаябы деп үмүттөнө түшкөн. Андай болбой, жекшембиде Кошмо Штаттар Сириянын президентинин убадасы жетишсиз деп билдирди. Вашингтон баштагыдай эле Дамасктан Ливандагы аскерлерин токтоосуз чыгарып кетүүнү талап кылууда.

Ишембиде Сириянын президенти Башар Асад парламентте чыгып сүйлөп, Ливандагы аскерлерди бир нече этапка бөлүп чыгарып кетүү планын жарыя кылды.

- Биз Ливандагы күчтөрдү адегенде Бекаа өрөөнүнө жылдырып, андан кийин эки өлкөнүн чек арасына ооштурабыз. Мен Ливандын президенти Эмил Лахуд менен келээрки аптада эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү макулдаштым, ошондо аскерлерди алып кетүү планын биротоло тактайбыз. Ушул пландар ишке ашса, Сирия Улуттар уюмунун резолюциясын так аткарган болот, - деди депутаттар алдында президент Асад.


Сириялык аскерлер Ливанга бул өлкөдө 1970-жылдары тутанган жарандык согуш маалында киргизилген. Былтыр Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Ливандагы бардык чет элдик аскерлердин чыгып кетишин талап кылган резолюция кабыл алган. Ал резолюцияны АКШ менен Франция сунуш кылышкан.


Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Адам Эрели Сириянын президенти ишембиде жаңы эч нерсе айткан жок, Вашингтон "Ливандагы аскерлерди токтоосуз алып кетүү жөнүндөгү сөздөрдү уккусу келет" деп кайталады. Анын бул айткандарына удаа Франция да үн кошуп, Сириялык аскерлер Ливандан тез арада толугу менен чыгарылып кетишин күтүп жатканын билдирди.

Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннандын өкүлү – чөлкөмдөгү чабарман Сирия менен Ливандагы күчтөрүн тез арада мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрүн улантат деп басым жасады.


Ливандагы оппозиция лидерлеринин бири, өлкөнүн мурдагы президенти Эмил Жамайэл Сириянын президентинин айткандары аны сарсанаага салганын айтат.

- Биз жок дегенде Сириянын армиясы деги качан, кайсыл мөөнөттө чыгарылаарын угабыз деп ойлогон элек. Анын ордуна аскерлерди башка жакка жылдыруу, азырынча баарын алып кетпөө жөнүндө сөз болду. Сириянын аскерлери Бекаа өрөөнүнө которулганда эмне болоорун эч ким билбейт, - дейт Бейруттук оппозиция жетекчилеринин бири Жамайэл.


Ал андан ары Сириялык аскерлер Ливан менен чек арага жайгаштырылат деген сөздөр алар Ливандын аймагында кала берет деген мааниде айтылышы мүмкүн деген кооптонуусун кошумчалайт. Айтор, Ливандык оппозициячы Сириянын президенти аскерлерди биротоло алып кетүү жөнүндө ооз ачкан жок деген пикирде. Сириянын өкмөт мүчөсү президент Башар Асаддын айткандарын чечмелеп, ишембиде CNN телеканалына берген интервьюсунда Ливандагы аскерлер чек аранын Сириялык бөлүгүнө которулат деп белгиледи.


Египеттин тышкы иштер министрлиги президент Асаддын айткандарын кубаттап, Дамаск Улуттар уюмунун резолюциясына баш ийүүгө даяр экенин көргөздү деп баалады. Мисирдин тышкы иштер министри маселени курчута берген болбойт, аскерлерди аярдап алып чыкпаса, чыңалып турган кырдаал жарылып кетиши мүмкүн деп эскертти. Регионго сапарлап барган Орусиянын парламенттик делегациясы да Сирия президентинин айткандарына колдоо билдирди. Булардан башка бир катар арап мамлекеттери Асаддын билдирүүсүн кол чаап тосуп алышты.


Израил өкмөтү болсо АКШ, Францияга үн кошуп, Сирия президентинин айткандары Улуттар уюмунун резолюциясына жооп бербейт деген билдирүү таратты.

XS
SM
MD
LG