Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

Италия АКШны Иракта алардын атайын кызмат өкүлүнүн мерт болушуна күнөлүүлөрдү табууга чакырды


Италиянын тышкы иштер министри Жанфранко Фини АКШны Иракта италиялык атайын кызматтын өкүлү Никола Калипаринин мерт болушуна күнөлүүлөрдү таап, жазалоого чакырды. Анткен менен министр парламенттеги бүгүнкү сөзүндө бул окуя кокустуктун натыйжасы деп эсептээрин белгиледи:

-Бул албетте бир катар жагдайлар менен дал келүүчүлүктөрдөн улам чыккан трагедиялык кокустук болду. Демек биз окуяны кылдат иликтеп, түшүндүрмө берүүнү жана күнөлүүлөрдү табууну талап кылышыбыз керек. Эгер алар табылса, жаза алуусуна жетишүүбүз абзел.

Никола Калипари Багдадда өткөн жума күнү мерт болгон. Америкалык аскерлер ал барымтадан жаңы эле бошотулган италиялык журналист Жулиана Сгрена менен бирге келе жаткан машинаны көздөй ок чыгарышкан.
Жулина Сгрена болсо америкалык аскерлердин огу анын өзүнө каршы багытталган деген пикирде. АКШнын аскерий өкүлдөрү италиялыктар түшкөн машина көзөмөл бекетте токтобой койгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG