Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

ӨКМӨТ БАШЧЫ «НААРАЗЫ БОЛГОНДОР ТАЖАГАНДА ТАРАШАТ» ДЕП ОТУРАТ


Парламенттик шайлоонун кош сыноосунун ортосундагы эки апта ичинде Кыргызстандын кыйла жеринде элдин нааразылыктары чыкты. Шайлоо жыйынтыгына ыраазы болбогон эл Жалалабат облус акимчилик имаратын ээлеп, президент А.Акаевдин кызматтан кетишин талап кылып отурат. Ушундай эле талаптар менен Ошто, Нарында, Көлдө, Кочкордо, Таласта, Чүйдө шайлоочулардын пикеттери өттү.

Жуп парламенттик шайлоого жакын кыргыз бийлиги «Таза Кыргызстан» программасын сунуштап, ага «таза шайлоо» бөлүгү киргизилген. Жыйынтыгында көбүнесе талапкер менен шайлоочунун ортосундагы алыш-беришке айланып кеткен иш артынан толгон-токой нааразылыктарды пайда кылды. Пикетке чыккандар президент А.Акаевдин кызматтан кетишин талап кылышууда.

Көпчүлүктүн көңүлүн кайт кылган дагы бир жагдай, бул ирет деле талаштуу маселелерди сот мыйзам негизинде калыс чече алган жок. Парламент депутаты, Акылбек Жапаровдун ырасташынча, Кочкордогу окуядан соң элдин баары эми сотко дегеле ишенбейт.

Нааразы болгон көпчүлүк Жалалабаттагы облустук акимчиликтин имаратын ээлеп алганын кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев мындайча комментарийледи:

- Күтүш керек, карап турабыз. Отурушат. Бирөөлөр тепкичте, калгандары коридордо укташат. Бу элди уюштургандардын өздөрү облакимчиликтин маңдайындагы мейманканадан баарына байкоо салып турушат. Алардын шарты дурус. Эл болсо суткалап тепкичтерде, кире бериште түнөшкө мажбур. Мындай иш-чараны уюштургандар элдин абалын ойлошпойт. Жагдай өзгөрүлүп атат, абал тынч,- дейт Николай Танаев.

Антип элдин жапырт каршы чыгышынын себеп-жөнү, «Жаңы багыт» саясий кыймылынын мүчөсү Ишенбай Абдуразаковдун ырасташынча, көбүнесе экономикалык жагдайдан улам жаралат.

- Кагылыш мынабул социалдык-экономикалык проблемалардын чечилбегендигинен, биздин коомдук турмуштагы акыйкаттын жоктугунан же аздыгынан, жөнөкөй эл менен бийликтин ортосундагы ажырымдын күчөп баратканы менен, ошонун негизинде жөнөкөй элдин көпчүлүгү нааразы болуп аткандыктан – ушундан келип чыгып атпайбы.

Ушу тапта чукул өзгөрүлүп аткан саясий окуялардын артында күзүндө өтчү президенттик шайлоонун камылгасы турат. Ошондуктан ага бийлик менен оппозиция өзгөчө үмүт артып, бири буга чейинки системаны жайында калтырууну, экинчиси кескин өзгөрүүнү күтүп отурат. Парламент депутаты Муратбек Мукашев бул Кыргызстандагы демократиянын тагдырын чече турган суроо дейт.

- Президент шайлоо алдында парламент шайлоону күтүп атат. А эгерде ошондой болуп 50 адам президент жакта болуп калса демократия болобу же жокпу? Демократия үчүн ушул коркунучтуу болуп атпайбы.

Кыйладан бери Кыргызстанды ыңкылаптын карааны имерчиктеп калганы айтылып келет. Парламент депутаты Дооронбек Садырбаевдин ырасташынча, калк нааразылыгы саясий окуялардын ырааты менен ичтен жетилип чыккан көрүнүш. Ал сырттан келген жок.

Жаңы түзүлүп аткан парламенттик шайлоонун биринчи сыноосунда жеңишке жетишкен Кубатбек Байболов эл менен бийликтин ортосундагы ажырымдын негизги себебин мындайча түшүндүрөт:

- Менин оюмча, бийлик өзүнүн бийлигин сактап калыш үчүн күрөшүшү керек. Бирок көпчүлүк учурда бийлик сүрөп аткан кандидаттар, ушулар депутат болсун, ушулар президент болсун дегендер атагы Алайга кеткен адамдар болуп атпайбы. Фамилиясынан эки ката кетирип аткан адамдар болуп атпайбы. Кээ бир учурда көзкөрүнөө криминал менен байланышкан адамдар болуп атпайбы.

Парламенттик шайлоонун экинчи сыноосу өтүп аткан маалда белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акунду Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармаганы маалымдалды. Теңиртоодон Бишкекке жөө жүрүш баштаган укук коргоочуну ара жолдон тосуп артына кайтарып алып кетишти.

XS
SM
MD
LG