Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:04

ЭШИМКАНОВ ЭЛДИ АЛЫП ЧЫГАМ ДЕДИ


Аманбек Жапаров,Бишкек 17-мартта Бишкек шаардык Октябрь райондук мамлекеттик администрация жетекчилиги менен сүйлөшүүгө барган парламентке депутаттыкка талапкер Мелис Эшимкановдун 100 ашуун жактоочуларын райондук бийлик кабыл алган жок. Акимиаттын имаратын 100 чамалаш милиция кызматкерлери тосуп турушту. Буга нааразы болгон Эшимкановдун тарапкерлери ишемби күнү Горькийдин эстелигинин жанында нааразылык иш чарасын өткөрүшө тургандыгын билдиришти.

№6 Асанбай округунан парламентке талапкер болгон Мелис Эшимкановдун тарапкерлери 13-мартта шайлоо таза өтпөгөндүгүн билдиришип, Октябрь райондук мамлекеттик администрация жетекчилигине арыз-арманын айтканы келишкен. Бирок аларды милиция кызматкерлери райондук акимиатка киргизишкен жок. Шаар бийлигинин өкүлдөрү, район башчысы алар менен сүйлөшүүгө барбады. Нааразылык билдиргендер Мелис Эшимкановдун атаандашы Шарипа Садыбакасова шайлоодо добуш сатып алууга баргандыгын, округдук шайлоо комиссиясы Садыбакасовага бир тараптуу иштегенин, шайлоонун ыпылас өткөндүгүн айтышты. Асанбай кичи районунун Айнура деп өзүн тааныштырган тургуну буларга токтолду:
-Бул шайлоо таза өткөн жок. Садыбакасованын штабынын өкүлдөрү мага, биздин үй-бүлөгө 200 сом алып келип беришти Садыбакасовага добуш бергиле деп. Мындай болбошу керек.

Айнура Октябрь райондук администрациясына шайлоонун жүрүшүнө пикирин айтканы келгенин, район жетекчилиги акимчиликте бекинип чыкпай жатканын айтты:

-Бул туура эмес. Район жетекчилиги элдин эмнеге келгенин угуп, көзмө көз сүйлөшпөй, айланта милиция кызматкерлерине курчатып койгону, элди теңсинбегени.

Мелис Эшимкановдун тарапкерлери бир добуштан Шарипа Садыбакасова үгүт иштеринде жана шайлоого добуш берүүдө Шайлоо кодексин одоно бузду деген кинени коюшууда.

Ал эми Садыбакасованын ишенимдүү өкүлү Калича Хусеинова Мелис Эшимканов атаандашынан утулгандан кийин элди көтөрүп туура эмес иш кылууда, анын шайлоодогу үгүт иштеринде жана шайлоо учурундагы мыйзам бузууларга барганы тууралуу бизде күбөлөндүрүүчү документтер бар, деп билдирди.

Октябрь райондук администрациясына тарапкерлеринин чогулганын Мелис Эшимканов мындайча түшүндүрдү:

- Октябрь райондук администрациясына келген себебибиз - акимиат шайлоо учурунда райондук структуралары менен көп ыпылас иштерди жасап жиберди. Бийлик Эшимкановду шайлоодон четтетүүнүн баардык айла-амалдарын кылды.
Биз райондун акими жана орун басары менен пикирибизди айтып, бетме-бет сүйлөшүүгө келсек, алар көлөкөлөрүнөн коркуп, каскачан, таякчан милиция, аскерлер менен айланасын курчатып коюшуптур. Анан шаардын прокурору, Ички иштер башкармалыгынын башчысы адамдарыңа зыян болуп калат, деп эскертүү жасашты, мен бей күнөө адамдардын жабыр тартышын, камалышын каалаган жокмун. Ошондуктан «тарагыла» деген сунушумду айттым. Бирок ишемби күнү Горькийдин эстелигинин жанында чоң митинг өткөрүлөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев нааразылык билдирип келгендердин аракети мыйзамга жооп бербейт деген пикирде:

-Негизинен бул жыйын мыйзамга жатпайт. Мен Мелис Эшимкановго айттым, мыйзамсыз аракеттериңер үчүн жооп берип калышыңар мүмкүн. Элди таратыңыз дедим. Анан ал элди таратты.

Жакында мамлекет башчысы Аскар Акаев мамлекеттик сыналгыдан ар кандай митинг, пикеттердин уюштуруучулары жоопко тартылат деп билдирди. Анын мындай билдирүүсүнө Мелис Эшимкановдун жообу төмөндөгүчө болду:

-Мен жоопко тартылууга, атыгүл атылып кетүүгө даярмын. Анткени президенттин «Таза шайлоо» деп ураан көтөрүп, сыналгыдан сүйлөп чыкканы, Теңгиз Абуладзенин бир киносунда Бериянын прототиби бар, ошондо эл алдында күлүп-жайнап, кол чаптырып «таза жашоо, жыргал жашоо» деп айтып, ал эми иш жүзүндө теңирден тетири иштерди жасайт. Мына ушул сыяктуу президенттин администрациясы да ыпылас иштерди жасап атат. Аскар Акаев учурдагы аракети менен оппозициянын биригишине түрткү берип жатат.

XS
SM
MD
LG