Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:13

«АРНАМЫС» ПАРТИЯСЫ БИШКЕКТЕ МИТИНГ БАШТАДЫ


Аманбек Жапаров,Бишкек 18-мартта Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин жанында “Арнамыс”, “Жаңы багыт” партияларынын мүчөлөрү жана “Эл биримдиги” комитетинин Чүй облусунун Аксуу шаарчасындагы өкүлдөрү, саясатчылар митинг өткөрүштү. Анда аткаруу бийлигине нааразылыктар айтылып, Жалалабат, Ош, Талас облустарында түзүлгөн элдик бийликти колдоорун билдиришти. Жыйын соңунда Бишкек шаардык элдик кеңешти уюштуруу комитетин түзүү тууралуу чечим кабыл алынды.

«Арнамыс» жана «Жаңы багыт» саясий партияларынын, “Эл биримдиги” комитетинин Чүй облусунун Аксуу шаарчасындагы өкүлдөрүнүн 200 ашуун мүчөсү өткөргөн митингде Кыргызстандын аткаруу бийлигинин иш аракеттери сынга алынып, бийлик менен элдин ортосунда ажырым чоңоюп кеткендиги айтылды. Аталган партиянын төрага орун басары Эмил Алиевдин пикири:

- Бийликтин булагы - эл. Бизде болсо элдин ордуна Акүй, акча, соттор шайлап калды. Качанкыга чейин бийликтин ээнбаштыгына чыдайбыз. Эгерде эл үчүн, мамлекет үчүн бир нерсе жасашса бир жөн эле. Азыркы бийлик өздөрүнүн каражаны үчүн гана иштеп калды.

Эмил Алиев Бишкек шаардык элдик кеңешти түзүүнү митингдин катышуучуларына сунуштады.

Жыйынга катышкан Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Эркин Бөлөкбаев аткаруу бийлиги бир нече жылдан бери элди алдап келатканын мындайча түшүндүрдү:

-Ак үйдүн айткандары калп, аткарганы жалган. Мындан он жыл мурдагы айлык акыны алып көргүлөчү, ошол жылдагы доллардын курсу менен санаганда 6,5 доллар болсо, учурда эмгек акы 2,5 долларды түзөт. 1995-жылы 700 граммдык нан 50-60 тыйын болсо, азыр 400 граммдык нан 7 сом болду. Мындай мисалдарды келтире берсек абдан көп. Премьер-министр Танаевдин мамлекеттик казынадан уялбай уурдаганын айтпай эле коеюн. Караламан калк качанкыга дейре чыдайт. Менин оюмча президент Аскар Акаев кызматтан кетиш керек.

Митингке катышканы атайын Чүй облусунун Аксуу шаарчасынан келген Алина Шабиева элди биригүүгө чакырды:

-Бизди эч кандай депутаттар, президент кызыктырбайт. Бизди элдин тагдыры кызыктырат. Ошондуктан биз биригишибиз керек. Кичинекей топ болобу, биз ынтымактуу болуп бириксек жеңебиз.

Митингдин айрым катышуучулары өздөрү чыгарган ырларын окуп, көз караштарын поэзия аркылуу билдиришти:

-Үзүрү жок адал, эмгек ишинин,
Элим жүрсө кирин соруп тишинин.
Уяламын төштү кагып бирөөгө,
Деп айткандан мен өзүмдү "кишимин".


Бишкек шаарынын вице-мэри Надежда Мельничук шаардык кеңештин депутаттарынын токтотумуна ылайык Максим Горькийдин эстелигинин жанында митинг өткөрүү үчүн райондун акимчилигинен уруксат алыш керек деген пикирин билдирди:

-Биздин шаардык кеңештин депутаттарынын сессияда кабыл алган токтому бар. Анда Горькийдин эстелигинин жанында митинг, жыйын өткөрүүчүлөр шаардагы төрт райондун акимчилигинин бирине 10 күн мурда эскертүүсү зарыл. Мыйзамды сакташыбыз керек.

Максим Горькийдин эстелигинин жанында өткөн митингдин катышуучулары жыйын соңунда Бишкек шаардык элдик кеңешти уюштуруу комитетин түзүү жана Жалалабат, Ош, Талас облусундагы элдин бийликти кызматтан кетирүү демилгесин колдоо тууралуу чечим кабыл алышты. Бул тууралуу белгилүү саясатчы Жыпар Жекшеев буларга токтолду:

-Биз бийлик качан жакшылык кылат деп күтүп отура бербей Бишкек шаардык элдик кеңешти түзүү боюнча уюштуруу комитетин түзүшүбүз керек. Жалалабат, Ош, Талас облусундагы элдин бийликти кетирүү демилгесин колдойбуз.

Курамы 11 адамдан турган уюштуруу комитетин түзүү тууралуу бир добуштан чечим кабыл алынды. Жыйын соңунда белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акундун демилгеси менен Жалалабат облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында мындан үч жыл мурда тартип коргоо кызматкерлеринин огунан бейкүнөө курман болгон 6 адамга жана бийликтин иш аракетине нааразылык билдирип ачкычылык жарыялап отуруп каза болгон укук коргоочу Шералы Назаркуловго куран окулду.

Сүрөттө: Айрым маалыматтар боюнча азыр түрмөдө отурган Феликс Кулов мындай нааразылык акцияларын баштоону колдоорун билдирген.

XS
SM
MD
LG