Кофи Аннандын планы анын жардамчылары тарабынан жалпы эле Улуттар уюмуна мүчө мамлекеттердин кызыкчылыктары жакшы корголгон “ири келишимдей” маанайда көрсөтүлдү.
Баш катчынын сунуштары негизинен бай мамлекеттерди курал таркатууга каршы, террорго каршы келишимди иштеп чыгууга үндөйт. Андан сырткары мүмкүнчүлүгү кенен өлкөлөрдү жакыр мамлекеттерге жардам берип, ачарчылыкты жана ооруларды тезинен токтотууга көмөк көрсөтүүгө чакырат.
Аннандын администрация башчысы Марк Маллок Браун жекшембиде журналисттерге билдиргендей, бул сунуштар дүйнөдөгү коопсуздук жаатындагы проблемаларды чечүүнүн жолдорун көрсөтөт:
- Биздин бул документтеги негизги ой – келишимге жетишүү. Бул жерде ар бир тарап өзүнүн толук мүчөлүгүн сезе турган жетишээрлик маселелер козголгон, андыктан өзгөрүүлөр андагы айрым бөлүктөр боюнча түрдүү көз-караштарга карабай, баары бир колдоого алынат ко деп үмүттөнөбүз.
Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан сунуштаган реформа ушул жылдын этегинде Улуттар уюмунун башкы ассамблеясында каралмакчы. Анда Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин алкагын 15тен 24 мүчөгө чейин кеңейтүү керектиги да белгиленген.
Ал эми 53 мүчөсү бар Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комиссиясын эми Адам укуктары боюнча туруктуу кеңешке айландырып, анын мүчөлөрүн башкы ассамблея тандаса жакшы болмок деген сунуш киргизет. Адам укуктары боюнча комиссиянын иши канааттандырбаган өңүттө каралганынанбы, айтор болчоктогу кеңешке “Адам укуктарын коргоодогу стандарттарды бекем сактайм” дегендерди гана тандоого мүмкүнчүлүк берилээри айтылат.
Баш катчы геноцид өңдүү улуттарды тукум курут кылуу аракеттеринен, дегеле, жалпы адамзатка каршы багытталган чаралардан “элдерди коргоп калуу” деген жоопкерчиликти кайра калыптандыруу зарылдыгына басым жасайт. Тагыраак айтканда, мындай учурларда Улуттар уюму кырдаалга тикеден-тике кийлигишкенге укуктуу деген сөздү айткысы келет.
Азырынча Судандын Дарфур аймагындагы жагдайга Улуттар уюму эч кандай аракет көрбөгөндүктөн бул принцип коркунучта экендиги айтылды. Аннандын жардамчысы Маллок Браун Дарфурда 180 миң адам өлгөнү, 1994-жылы Руандада тукум курут болгону Улуттар уюмунун абалы жакшы эместигин тастыктаган окуялар экенин айтты.
- Руандадагы жана Дарфурдагы окуялар Бириккен улуттар уюму өтө алсыз абалда турган кезде, ал өлкөлөрдүн өкмөттөрү адамдардын укуктары тебеленишин жана коркунучтуу окуяларга жол бербөөгө ишене албай турган чакта болду, - дейт Улуттар уюмунун өкүлү Маллок Браун.
Аннандын доклады кайсыл бир деңгээлде террорго каршы күрөшүү максаты менен Улуттар уюмуна мүчөлүккө кабыл алынуу проблемасын да террор эмне экенине аныктама берип туруп, чечкенге аракет кылгандай болду. Кабарда айтылгандай “Терроризм деп мамлекеттерди же эларалык уюмдарды кайсыл бир акттарды жасоого же алардан баш тартууга мажбурлоо максаты менен атуулдарды же куралсыз тараптарды өлтүрүүнүн же денеге олуттуу зыян келтирүүнүн баардык түрлөрүн атаса болот”.
Бул аныктама Израилге каршы топторду колдогон айрым Арап мамлекеттери тарабынан сынга алынышы мүмкүн.
Ал эми өзөктүк курал тууралуу бөлүгүндө Аннан Ирандын проблемасына кайрылып, уран байытууну жана башка материалдарды иштетүүнү жалаң гана тынчтык максатында колдонууга мүмкүнчүлүк берген оң экендигин айтат. Ошол эле учурда өзөктүк курал жасалбайт деген ишеним да керектигин эскертет.
Баш катчынын негизги жардамчысы Роберт Орр Аннандын сунушундагы ушул бөлүктү мындайча түшүндүрүп берди.
- Айрым мамлекеттерге алардын атомдук материалдарга мыйзам ченемдүү муктаждыгын эске алып, эгерде бул жөн гана тынчтык жолу менен иштетиле турган болсо, аларга бул мүмкүнчүлүктү берүүгө убакыт келип жетти. Бирок биз алардын максаты ушуну менен гана чектеле тургандыгына ишенүү үчүн чектөөлөр болушу керек, - деди Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннандын жардамчысы Роберт Орр.