Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:58

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫРДААЛГА КАРАТА АКШнын КӨЗ-КАРАШЫ


Төрөкул Дооров, Прага Кыргызстандагы парламенттик шайлоодон кийин курчуган кырдаалга АКШ өкмөтү буга чейин өз мамилесин билдире элек эле. Өткөн жекшембиде Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы саясий күчтөрдү конструктивдүү сүйлөшүүгө чакырган билдирүүсүн таркаткан. АКШ департаментинин ырасмий өкүлдөрүнүн бири биздин радиого берген интервьюсунда ал билдирүү тууралуу, дегеле, ырасмий Вашингтондун Кыргызстандагы окуяларга карата мамилеси тууралуу айтып берди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин ырасмий өкүлү Адам Эрели Кыргызстандын өкмөтүн да, демонстрацияларды уюштуруп жаткандарды да шайлоо артынан жаралган нааразылыкта зомбулукка жол бербөөгө чакырды:

- Күч колдонулуп, зобун-зордуктун болушун биз кескин айыптайбыз. Менимче, биздин Кыргызстандагы элчибиз жана Вашингтондогу жогорку ырасмий өкүлдөр кыргыз өкмөтүн жана оппозиция лидерлерин мүмкүн болушунча эртерээк жолугуштуруп, алар парламенттик шайлоого жана өлкөнүн демократиялык нукта өнүгүүсүнө байланышкан карама-каршы көз-караштарын Кыргызстандын Конституциясынын чегинде талкуулай алышына үндөп, чакырып жатышат.

Ошол эле учурда, Эрели анын сөздөрү кыргызстандыктарды өз өлкөсүндө өткөн шайлоого байланыштуу нааразылыктарын басып коюш үчүн багытталбаганын эскертти.

- Айтайын дегеним өкмөттүк имараттарды ээлеп алып, аларды кыйратууга мүмкүн эмес жана муну менен алар зордук-зомбулуктун болуш мүмкүнчүлүгүн жогорулатышат. Проблеманы ансыз деле чечкенге болот. Кыргызстан азыр маселеге карата ушундай мамилеге муктаж.

Дүйшөмбүдө Кыргызстандын президенти Аскар Акаев өлкөнүн Жогорку сотунун төрагасы Курманбек Осмонов жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевди кабыл алып, шайлоодо кетирилген каталарды терең иликтөө милдетин жүктөгөнүн Эрели жылуу кабыл алганын айтат. Анткен менен шейшембиде парламент баары бир алгачкы жыйынына чогулду.

Дүйшөмбү күнү нааразылык акциясынын катышуучулары Ошто бийлик имараттарына жана өлкөнүн түштүк бөлүгүндө дагы башка шаарларда көзөмөлдү колго алууга аракет кылышты. Бирок шейшембиде 2002-жылдагы кандуу окуяларды эске алганданбы, айтор, нааразалык билдиргендер бийлик өкүлдөрүнө кызмат ордуларына кайтууга мүмкүнчүлүк беришти.

Тополоң шейшембиде Бишкекте да улана тургандай болду, бирок баш калаада негизинен тынчтык сакталды.

Акаев өлкөдө өзгөчө кырдаалды киргизбей тургандыгын айтты, бирок оппозиция лидерлери күчкө салуучулукка баруу менен мамлекеттеги бейкуттукту бузуп жатат деп айыптады.

Ал эми байкоочулар Кыргызстандагы соңку кырдаалды Украинада жүз көргөн окуяларга окшоштуруп жатышат. Ал жерде акыр аягында бийликке оппозиция келди.

Украинадагы оппозициянын жеңишинде АКШнын салымы чоң деп айткандар болду. Анда Кошмо Штаттары Украинага сөз иретинде моралдык колдоо көрсөткөн делет.

Жоржет Пурше Вашингтондогу саясат изилдөө институтунун Эларалык жана стратегиялык борборунун өкүлү жана көптөн бери постсоветтик өлкөлөрдөгү саясий өзгөрүүлөрдү изилдеп келатат. Анын айтымында, ырасмий Вашингтон Кыргызстанга да Украинага жасагандай мамилесин көрсөтүшү керек.

“Кошмо Штаттары Кыргызстанда демократиялык өзгөрүүлөрдүн болушун талап кылып жаткан топторго кандай колдоо көрсөтө алаарын өтө этияттык менен карап чыгышы керек” деди биздин радиого аналитик Жоржет Пурше. Анын ишениминде, АКШ өкмөтү азырынча кыргызстандык активисттерди жалаң сөз иретинде гана колдоп турганы оң.

- Азыр дал ушул этапта АКШ күчтүү билдирүүлөр менен ал демократиялык өнүгүүнү каалаган баардык мамлекеттерди колдой турганын, анын ичинде Кыргызстандагы окуяларга да кайдыгер эмес экендигин билдириши керек. Демократияны жана адам укуктарын коргоону жактаган жалпы билдирүүлөрдөн айырмаланып, Кыргызстан өңдүү мамлекеттер тууралуу сөз кылуу ага өзгөчө маани бермек. Анткени мында ал тууралуу сүйлөгөндө, ага бармагыңызды койгондой эле болуп, жалаң ошол маселеге көңүл бурасыз, - деди саясий аналитик Жожет Пурше.

Анын пикиринде, эгерде Акаев оппозиция лидерлери менен жолугушуп, сүйлөшүүгө макулдугун билдирсе, анда АКШ бул процессте жардам колун сунушу зарыл.

XS
SM
MD
LG