Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Жаңы шайланган Жогорку Кеңешке Өмүрбек Текебаев төрага болду


БИШКЕК. Бир палаталуу Жогорку Кеңеш 28-марттагы отурумунда өзүнө төрага шайлады. Төрагалыкка депутаттар Өмүрбек Текебаевди, Кубатбек Байболовду жана Жантөрө Сатыбалдиевди сунушташты. Кубатбек Байболов өлкөнүн туруктуулугу жана келечеги үчүн, ал эми Сатыбалдиев Текебаевди колдоп, өздөрүнүн талапкердигин алып салышты. Натыйжада шайлоо жабык добуш берүү жолу менен өтүп, анда 63 депутаттын 56сы Өмүрбек Текебаевди колдоп добуш беришти. Текебаев төрагалык милдетти аткарууга киришип жатып депутаттарга ыраазычылык билдирип, парламент тарабынан өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу үчүн кепил боло турган үч маселени белгиледи. Атап айтканда өлкөдө курч кырдаал түзүлгөндүгүн, премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Курманбек Бакиевдин макамын, Жогорку Кеңештин легитимдүүлүгүн парламент моюнга алышы керек деп эсептеди.

XS
SM
MD
LG