Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:12

АСКАР АКАЕВДИН БАНК ЭСЕПТЕРИ ЖАБЫЛДЫ


31-март күнү Кыргызстандын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын өткөрдү. Анын айтымында кызматынан четтетилген президент Акаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн бардык байлыктарын текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат жана Кыргызстандын банктарындагы күмөндүү деп саналган эсептердин баары жабылды.

Азимбек Бекназаров башкы прокуратура тарабынан 24-марттан бери аткарылган жана жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анын айтымында мурунку бийлик тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекетке кайтаруу, максатсыз жумшалган бюджеттеги каражаттар, айрым мамлекеттик кызматкерлер тарабынан жол берилген мыйзамсыз иштер тууралуу кылмыш иштери козголо баштады. Ошондой эле Феликс Куловго жана Аксы окуясына байланыштуу иштерди чечүүгө башкы прокуратура түздөн-түз кийлигише албасын билдирди.

Маалымат жыйынында айтылгандай 24-мартта Бишкек шаарында болгон талоончулук жана башка башаламандык иштер боюнча 150дөн ашуун кылмыш иши козголду. Башкы прокурордун милдетин аткаруучунун орун басары Учкун Адамовдун айтымында бул күнкү келтирилген зыяндын өлчөмү күн сайын такталууда:

- 24-март күнү болгон талоончулук мезгилинде 140 млн. сомдук зыян келтирилген. Милиция менен бирге рейд жүргүзүүнүн натыйжасында
бүгүнкү күнгө 2 млн. сомдук товар ордуна келтирилди. Биз үчүн ошол күнү чындыгында канчалык зыян келтирилгени маанилүү, анткени зыяндын ордун толтурууга мүмкүн болбосо да кандайдыр бир бөлүгүн мамлекет төлөп берет, мына ошого жеңил болмок.


Маалымат жыйынында айтылгандай Башкы прокуратура тарабынан Ысыккөлдүн жээгиндеги пансионаттардын мыйзамсыз менчиктештирилгендиги, бюджеттик каражаттардын шайлоого максатсыз жумшалгандыгы, жаңы паспорттун айланасындагы чуу, мамлекеттик резервдин мыйзамсыз ачылып сатылгандыгы тууралуу жана улуттук банктын кызматкерлеринин иши боюнча изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Айрымдарына кылмыш иштери козголуп, тергөө башталды. Бул тууралуу башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров:

-2003-2004-жылдары Ысыккөлдүн курорттук аймагындагы пансионаттарды мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча материалдар иликтенүүдө. Ал эми социалдык жөлөкпул катары төлөп берүүгө арналган 3 млн. сомдон ашуун каражатты мыйзамды бузуу менен Бишкектеги маданий-ишкер борборунун курулушуна жумшоо менен максатсыз пайдалануу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери аягына чыкты. Эми кылмыш иши козголгону жатат.

Азимбек Бекназаровдун айтымында Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнүн мүлкүнө байланыштуу иш козгоо үчүн керектүү документтер топтолууда. Ал эми анын үй-бүлө мүчөлөрүнө тиешеси бар деген ишканалардын мүлктөрү сот жана прокуратура органдары тарабынан камакка алынды. Алардын ичинде “Бител” мобилдик байланыш мекемеси жана Кант шаарындагы цемент-шифер заводу бар:

-Акаевдин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн байлыктары, менчиктештирилип алган объектилери боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Бирок тез эле иш козгоп жиберүүгө негиз табалбай атабыз, ошондуктан маалымат каражаттарында жана башка жерлерде айтылган бардык маалыматтарды топтоп, азыр иш алып баруудабыз. Анткени алар менчиктештирип алган ишканалардын бардыгын, атүгүл банктардагы эсептерди да урук-туугандарына, башка адамдардын атына жаздырып коюшкан. Мунун баарын изилдеп текшерип чыгуу үчүн убакыт керек. Анын үстүнө Прокуратура органы кылмыш иши козголсо гана ошол боюнча чет өлкөлөргө суроо-талап коё алат. Ошондуктан Акаевдин чет өлкөдөгү байлыктары тууралуу чет мамлекеттерден суроо жүргүзө албайбыз. Бул үчүн азыркы президенттин милдетин аткаруучу мамлекеттик комиссия түзүүсү зарыл. Алар бизге тапшырса ошондо гана бизге Акаевдин үй-бүлөсүнүн байлыктарын териштирүүгө негиз болуп калмак.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров Феликс Куловду актоо жана 2002-жылдагы Аксы окуясын изилдөө иштерине башкы прокуратура кийлигише албасын билдирди. Анын айтымында бул окуяларга байланыштуу Жогорку соттун арызданууга жатпайт деген чечими бар, ошондуктан бул иштерге байланыштуу карай турган мамлекеттик комиссия түзүлүшү керек жана булар сөзсүз каралууга тийиш:

-Өзгөчө маанилүү, коомчулукту тынчсыздандырып келген Аксы окуясы жана Феликс Куловдун иши боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүүсү керек деп мен президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге сунуш кылдым. Анткени бул иштер боюнча Жогорку сот “арызданууга жатпайт” деп чечимин чыгарып койгон. Ошондуктан аны мамлекеттик комиссия гана карап, коомдук жана мамлекеттик чечим катары “бул иштер оңдолуп каралууга тийиш” деген чечим чыгарып берсе, укуктук негиз болуп берет.


Маалымат жыйынында айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын 20-март күнү Ош жана Жалалабат облустарынын мамлекеттик администрациясынын имараттарын бошотуу мезгилинде күч органдары тарабынан ден соолугуна запкы жеген жана 20-март күнү милиция тарабынан атылган октон жабыркаган адамдардын арыздары боюнча да кылмыш иштери козголгон, учурда күнөөкөрлөр аныкталып жатат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG