Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Т.Акматалиев: «Алатоо аянтында башаламандыкты мен уюштурган эмесмин»


БИШКЕК. Кыргызстандын Күтүүсүз кыдаалдар жана экология министринин милдетин аткаруучу Темирбек Акматалиев 3-апрелде билдирүү таратып, анда 24-мартта Алатоо аянтында болгон башаламандыкка өзүнүн такыр тиешеси жоктугун жарыя кылды. Анын билдирүүсү боюнча, ыңкылаптын алдында кырдаал курчуп бараткандыгын БШК төрагасы Сулайман Иманбаевге,өкмөт башчы Николай Танаевге жана президенттик администрация башчысы Тойчубек Касымовго жазып, бирок, алардын көңүлүн бурдурта албай койгон. Мамлекетти ушундай абалга Акаевди айланчыктап келген Тойчубек Касымов менен Осмонакун Ибраимов алып келди деп, Акаев өзүн эч качан мураскер деп карабагандыгын билдирди. Кийинки кезде коомдо жана маалымат каражаттарында Темирбек Акматалиев Акаевди кайра бийликке алып келиш үчүн «Акыйкат» кыймылын түзүп, кеминдиктерди ыңкылапчыларга каршы үндөп жатат деген маалымат тараган болчу.

XS
SM
MD
LG