24-марттын түнүндө болгон талап-тоноочулук боюнча 165 кылмыш иши козголуп, алып келген зыяндын өлчөмү 641 миллион сомдон ашкандыгы аныкталды. Бул сумма дагы көбөйүшү ыктымал. Анткени, имараттарга келтирилген зыяндар эсептелине элек,- деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нурдин Жангараев. Оперативдик-тергөө иштеринин жүрүшүндө 3 миллион сомго жакын товар кайтарылып, 4 миллион сомдон ашуун суммадагы ээси белгисиз товар табылган. Тергөө иштери улантылууда, деп белгиледи Жангараев.