БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаттары 11-апрелдеги отурумунда атуулдардын соңку мезгилдери Бишкектин айланасында жерди өз алдынча ээлеп алуу аракеттери боюча тынчсыздангандыгын билдиришти. Сөз сүйлөгөн депутаттар басылып алынган жер участоктору буга чейин эле үлүшкө берилгендигин айтышып, башка бирөөлөрдүн менчигин басып алууга токтоосуз чара көрүү зарылдыгын айтышты. Айрым депутаттар мындай иш-чаралар президенттик шайлоого байланыштуу кандайдыр бир саясий күчтөр тарабынан каржыланып, уюштурулуп жаткандыгын жана аларга тиешелүү чара көрбөсө кырдаал мындан да курчуп кетээрин эскертишти. Жыйын соңунда депутаттар жума күнү өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин катышуусунда өкмөттүк саат өткөрүү тууралуу токтом кабыл алышты. Жыйында жаңы өкмөттүн өлкөнү социалдык-экономикалык, саясий жактан өңүктүрүү жана Бишкектин тегерегинен жер ээлеп алууну чечүү, жазгы талаа жумуштарына даярдык боюнча иш планын угуша турган болду.