Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:41

Ф.КУЛОВ ШАЙЛООГО БАРЫШ-БАРБАШЫН ӨКМӨТ БАШЧЫ МЕНЕН МАКУЛДАШАТ


11-апрелде Кыргызстандын Жогорку соту «Арнамыс» партия жетекчиси Ф.Куловдун иш-аракетинде кылмыш белгилери жок деп таап, аны толук актады. Сот отурумунан соң «Арнамыс» партиясынын жетекчиси маалымат жыйынын өткөрүп, анда президенттик шайлоого катышар-катышпасын өкмөт башчы Курманбек Бакиев менен жолугушкан соң билдирерин маалымдады.

11-апрелде Жогорку сот Феликс Куловдун Чүй облус, Бишкек шаарын башкарып турган кезиндеги иш-аракетинде кылмыш белгилери жок экенин ырастап, аны толук актады.

- Жогорку соттун коллегиясы аныктады: Феликс Кулов тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 2002-жылдын 8-майындагы, Бишкек шаар сотунун кылмыш иштер коллегиясынын 2002-жылдын 11-октябрындагы өкүмдөрү, Жогорку соттун кылмыш иштер боюнча коллегиясынын 2003-жылдын 15-августундагы токтому жокко чыгарылсын. Анын аракетинде кылмыш белгилери жок болгондуктан ага каршы кылмыш ишин козгоо токтотулсун,- деп жарыя кылды Жогорку соттун кылмыш иштери боюнча коллегия жетекчиси Н.Азимжанов.

Ф.Куловдун акталышын Кыргызстан адам укугу боюнча комитет төрагасы Рамазан Дырылдаев А.Акаев заманында иштебеген Конституциянын адам укугу боюнча талабы ишке ашты деп баалады.

- Биз канча жолу айтып келгенбиз. Конституциянын 88-беренеси боюнча далилдер адам укугун бузуп, мыйзамды бузуу менен табылса, ал далил болуп эсептелбейт деп айтып келгенбиз. Мына ошол талап бүгүн гана иштеди.

Ушул эле күнү Феликс Кулов ага байланышкан кылмыш иштери боюнча акталып чыкканын айтып, журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Көпчүлүктүн көңүлүн буруп келаткан маселе – анын алдыдагы президенттик шайлоого катышар-катышпасы тууралуу «Арнамыс» партия жетекчиси момундай билдирүү жасады.

- Мен үчүн бул өтөле оор маселе. Ал баарыдан мурда биздин өлкөдөгү элдин биримдиги менен бейпилдигин сактоого байланыштуу. Муну айтып аткан себебим, өлкөнүн туруктуулугуна таасир көрсөтө алчу биртоп жагдайлар бар. Менин шайлоого катышар-катышпасым күтүлбөгөн салакага алып келбеши үчүн баарын жакшылап таразалап, Курманбек Бакиев менен кеңешип келишим туура болуп турат. Ушундан кийин гана чечим кабыл алам. Билесиңер, бул өзү жооптуу кадам.

24-марттагы окуядан кийин өлкөдө түзүлгөн кырдаалга токтолгон «Арнамыс» партия жетекчиси бийликтен четтетилген адамдар тымызын көкүтүп, калкты кагыштыруу аракетине өткөнүн маалымдап, ага мисал катары Бишкектеги жер басып алууларды келтирди.

-Бүгүн толкундоолордон пайдалангысы келгендердин тизгинин кагып коер кез келди. Мага бир журналист жер басып алуучуларга барган чоң кызматтагы адамга тургандардын бирөө «силер бийликти басып алдыңар, биз жерди басып алдык. Ар кимдики өзүнө», деп кыр көрсөткөнүн айтып берди. Карагылачы, алар «силер кызмат бөлүштүрүп атасыңар, жер бөлүүнү бизге койгула» деп атышат. Муну баарыбыз - саясатчылар, бийликтегилер тезинен токтотушубуз керек,- деп айтты Феликс Кулов.

«Арнамыс» партия жетекчиси бирөөнүн мүлкүнө кол салуунун жыйынтыгы катуу кагылыш менен аяктарын билдирди. 24-марттагы элдик ыңкылапты коштой чапкан ири дүкөндөрдү талап-тоноочулук убагында басылбаса башкалаа кийинки түнү андан да чоң бүлгүнгө учурамак. Ф.Куловдун маалымдашынча, сүрмөтопту баштаган кылмышкерлер банктарды тоноп, байлардын үйлөрүн талкалап, буюм-тайымын талап алуу максатын коюшкан. Андайга жол бербеш үчүн түзүлгөн элдик кошуундун жетекчиси Үсөйүн Кудайбергеновдун 11-апрелге караган түнү атып өлтүрүлүшүн Ф.Кулов өлкөдө бейпилдиктин орношун каалабаган караниет күчтөрдүн колунан келген иш деп бааларын билдирди.

- Азыркыдай өкүмзордуктун улантылышына кимдер кызыкдар? Үсөн Кудайбергенов мынабу шүмшүктөрдөн ишкерлерди коргоо үчүн элдик кошуун түзгөн. Сөзсүз, каршы чыккан күчтүн башында тургандын көзүн тазалап коюуну чечишкен. Мекендештерин коргоого чыккан адамдарды минтип коркута алышпайт,- дейт Ф.Кулов.

«Арнамыс» партия жетекчиси башынан эле парламенттик республиканы жактап келгенин, конституциялык реформа башталса мына ушул идеяны ишке ашыруу демилгесин сунуш кылышарын билдирди. Азыр Кыргызстан ыңкылаптын деми менен өрөпкүп турат, жаңы түзүлүшкө өтүш үчүн убакыт керек экенин айтты.

XS
SM
MD
LG