Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы башчысынын иши боюнча соттук териштирүү аяктады


Сот өкүмүн 27 –апрелде чыгарары күтүлүүдө. Кечээ айыпкер Михаил Ходорковский акыркы сөзүн сүйлөп, сот жараянында анын күнөөсүн көргөзгөн эч бир далил айтылбаганын белгиледи:

-Прокуратура органдары мага коюлган айыптардын бирин далилдей албаганы бүткүл Орусияга белгилүү. Мага кандайдыр бир кылмыштарды тагуу аракеттери фарска айланды. Атүгүл айыптоочу тараптын күбөлөрү да менин пайдама көрсөтмө берди.

Орусиянын бийликтери ЮКОСту ири өлчөмдө салык жашырганы үчүн айыптап, банк эсептерин тоңдурганга чейин ал Орусиянын эң ийгиликтүү иштеген мунай компаниясы катары эсептелчи. Ходорковский жана анын ишкер өнөктөшү Платон Лебедев эгер күнөлүү деп табылса, он жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG