Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Сох анклабынан өтүүдө кыйынчылыктар туулууда


Баткен облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнөн 13-апрелде алынган маалыматка караганда, соңку күндөрдө Сох анклавындагы өзбек чек арачылары ар кандай шылтоолор менен кыргыз атуулдарынан акча талап кылып, узакка кармап жаткандыгы тууралуу облус бийлигине болгон даттануулар көп түшүүдө. Кыргызстанда март айында болгон окуяларга байланыштуу өзбек тарап чек ара бекеттерине киргизген күчөтүлгөн тартип алынганы менен, өзбек чек арачыларынын кыргыз атуулдарына жасаган мамилеси дале өзгөргөн жок. Учурда облус бийлиги бул маселени жеңилдетүү үчүн Өзбекстандын Фергана облусунун бийлик өкүлдөрүн, бул аймактагы чек ара жана бажы кызматтарынын башчыларын кеңири алкактагы сүйлөшүүгө чакырууда. Бирок өзбек тарап азырынча мындай сүйлөшүүгө катышууга макулдук бере элек.

XS
SM
MD
LG