Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:50

СТИВЕН ЯНГ: «КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭЛИ ӨЗҮНҮН ЖАРЫК КЕЛЕЧЕГИНЕ ЖОЛ САЛУУГА ТОЛУК ДАЯР»


Маектешкен Бүбүкан Досалиева Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Стивен Янг менен өлкөдөгү акыркы саясий окуялардын айланасындагы сөз жүрдү.

Суроо:
-Урматтуу элчи Стивен Янг мырза, 24-мартта Кыргызстандын бийлигин алмаштырган олуттуу окуя болду. Ага элчи катары көз караш, бааңыз кандай?

Стивен Янг:
- Менимче, 24-мартта бийликтин колдон колго өтүшүнүн күтүүсүз жерден болгондугу бүт коомчулукту таң калтырды. Ошондой эле Кыргызстандын эли жана анын чет өлкөдөгү достору 24-марттагы окуялардан кийинки талап-тоноолорго аябай кейиди. Бирок жалпысынан алганда президент Аскар Акаевдин бийликтен кетиши – бул боло турган окуя болчу. Менин оюмча, ал фундаменталдык 3 катага жол берди. Анын биринчиси - парламенттик шайлоонун ачык-айкын жана адилет өтүшүн камсыз кыла албады. Экинчиси - президент Акаев өзүнүн келерки президенттик шайлоого катышпастыгы жөнүндө эч кандай шек туудурбай турган билдирүү жасаган жок. Үчүнчүсү - ал өлкөдө кризистин өөрчүшү менен бирге эле диалогдун кандай зор мааниге ээ экендигине баа бере алган жок.

24-марттан кийин бийликке келген өкмөттүн мүчөлөрү дагы ошол күнү бийликтин күтүүсүздөн колдон колго өтүүсүнө даяр эмес болчу. Ага карабастан мен жаңы өкмөттүн өлкөдөгү абалды турукташтыруу жана келечекке жакшы шарт түзүү үчүн жасап жаткан эмгегин жогору баалайм. Менин ишенимим боюнча, 24-марттагы окуя кыргыз элинин мындан кийинки өнүгүүсүнө зор мүмкүнчүлүктөрдү түздү жана президент Аскар Акаевдин тушунда пайда болгон көптөгөн проблемаларды чечүүгө жол табууга жардам берет. Менин өкмөтүм жана элчилик Кыргызстанда мурда пайда болгон ушундай кыйынчылыктарды жеңүүгө жана биздин кызматташуубузду мындан ары өнүктүрүүгө жардам берет.

СУРОО:
- Азыр Кыргызстандагы ыңкылаптан кийин саясий абал өтө опурталдуу болуп турат. АКШнын өкмөтү жана коомчулугу Кыргызстандын келечегине кандай баа берип жатат жана кырдаалдан чыгуунун кандай жолу бар деген ойдо турат?

Стивен Янг:
-Менин оюмча, 24-марттагы окуялар кыргыз элинин алдында көптөгөн кыйынчылыктарды гана түзбөстөн, келечекте өнүгүүнүн жаңы шарттарын да пайда кылды. Айтып кете турган нерсе - 24-марттан кийин Бишкектин көчөлөрүндө тынчтык тез орнотулду. Кайсы парламенттин легитимдүү экендиги тез аранын ичинде аныкталды. Бишкектеги талап-тоноо Кыргызстандын башка аймактары менен шаарларына тарап кеткен жок. Өкүнөөрлүк нерсе - Акаевдин бийлигинин тушунда жаралган көптөгөн проблемалардын азыр гана ачыкка чыга баштаганы болууда. Мисалы үчүн Акаевдин тушундагы коррупция, экономикалык өнүгүүнүн жоктугу же аздыгы, элдин кедейлиги, жер маселесинин чечилбегендиги мурда эле көтөрүлө турган маселе болчу. Бирок анда ачыкка чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбой эми гана көрүнө баштады.

Учурда Кыргызстандын өкмөтү жана эли ушул проблемалардын баарын бир-бирден чечүү тартибин иштеп чыгышы керек. Анткени бардык көйгөйлөрдү бир учурда чечүү мүмкүн эмес. Бул маселелерден кийин гана азыркы өкмөттүн легитимдүүлүгү жөнүндөгү маселе көтөрүлүшү мүмкүн. Ошондуктан, парламенттин президенттик кезексиз шайлоону 10-июлда өткөрүүнү белгилеши мени кубандырат. Менимче, азыр Кыргызстандын колунда өлкөдө буга чейин болуп көрбөгөндөй, мүмкүн бүт Борбор Азияда болуп көрбөгөндөй ачык жана адилеттүү шайлоону өткөрүү мүмкүнчүлүгү турат. Көрүнүктүү бир топ саясатчылар президенттик шайлоого катышаарын жарыя кылышты. Азыр Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарына берилген эркиндик тин аркасында президенттик шайлоо өнөктүгүндө талапкерлердин көз караштары менен ар кандай маселелерге карата ойлорун коомчулуктун ачык билүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ушундай шартта келечекте бийликке келе турган президент жана өкмөт ар кандай маселелерди чечүү жолдорун элге жеткиликтүү түшүндүрө алат деген ойдомун.Кыргызстандын акылман, даанышман эли өзүнүн жарык келечегине жол салууга азыр толук даяр.

СУРОО:
- Кыргызстанда жаңы өкмөттүн иштей баштагандыгына 2 жума болду. Бирок, анын ишине айтылган сындар көбөйүп баратат. Сын айткандардын көбү өкмөт чечкинсиздигин көрсөттү деп жатышат. Сиздин көз караш боюнча, өкмөттүн артыкчылыгы жана кемчилиги эмнеде болууда?


Стивен Янг:
-ен жогоруда айткандай, Курманбек Бакиев жана анын командасы 24-марттагы окуядан кийинки бийлик алмашууга даяр эмес болчу. Ушундай шартта ал жасаган иш эң жогору баага татыйт. Ошондой эле Бакиевдин өкмөтү жаңы парламент тарабынан таанылды. Ушул үчүн Өмүрбек Текебаев башында турган парламенттин иши да жогорку баага татыктуу. Кыргызстандын коңшулары Өзбекстан, Казакстан жана Россия окуяны түшүнүү менен кабыл алып, жаңы кыргыз өкмөтүнө колдой тургандыгын жарыя кылышты. Андан тышкары эл аралык коомчулук да жардам берүүгө даяр. Себеби, кыргыз элиндей эле анын чет өлкөдөгү достору Кыргызстандын келечегинин тынч, дөөлөттүү жана кең болушуна кызыгат.

Менин оюмча, азыр баарыбыз аябай көңүл бура турган негизги маселе –июлда боло турган президенттик шайлоону ачык-айкын жана калыс өткөрүү. Менин ишенимимде, Курманбек Бакиевдин өкмөтү азыр мүмкүн болушунча ар кандай көз караштарды иликтеп, өз саясатын бардык аймактарга толук жеткирип, өз аракети менен элди тааныштырууга көп аракет кылуусу абзел.

СУРОО:
-АКШ менен Кыргызстандын азыркы өкмөтүнүн кызматташуусунун келечеги кандай болот жана демократия менен экономиканы бекемдөө үчүн АКШ жардамынын көлөмүн көбөйтүшү мүмкүнбү?

Стивен Янг:
- Америка Кошмо Штаттары менен Кыргызстандын ортосундагы катнаш башынан эле жакшы болгон. 1992-жылдан бери АКШ Кыргызстанга 800 миллион доллардан ашык жардам көрсөттү. Ал эми азыр элчилик Кыргызстан баштан кечирип жаткан өткөөл мезгилдеги кыйынчылыктарын кантип жеңип, жаңы максаттарын ишке кантип ашыруу керектиги жөнүндө Вашингтондогу бийлик менен көптөгөн сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат.Менин өкмөтүм ушул жайда боло турган шайлоонун ачык-айкын жана адилет өтүүсүн камсыз кылуу үчүн кошумча бир нече миллион доллар берүүгө даярданып жатат.

Ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн коррупцияны жеңүүсү жана экономикалык реформаларды өнүктүрүүсү үчүн колубуздан келишинче жардам берүүгө аракет кылып жатабыз. Андан тышкары мен жакында коргоо министри Исмаил Исаков менен жолугушууда АКШ мындан ары да Кыргызстанда коопсуздукту камсыз кылууга багытталган буга чейин аракеттердин баарын улантып, дагы өркүндөтөөрүн билдирдим.

Мен премьер-министр Курманбек Бакиев жана өкмөттүн башка мүчөлөрү менен жолугушканда, алар Акаев мезгилинде Кыргызстан өзүнө алган милдеттенмелерди толук аткарууга даяр экендиктерин билдиришти. Кыскасын айтканда, азыркы шартта Кыргызстанга дагы кошумча жардам көрсөтүүгө менин өкмөтүмдүн толук ниети жана каалоосу бар. Келечекте келе турган ошол жардамдарды кандай багыттарда жана кандай жол менен пайдалануу керектигин азыр аныкташыбыз керек.

СУРОО:
-Экс-президент Аскар Акаев Кыргызстандын ыңкылап жасаган оппозициялык күчтөрүнө АКШ колдоо көрсөттү деп айыптады. Бул боюнча сиздин пикир кандай?

Стивен Янг:
-Аскар Акаевдин Россияда туруп ушундай сөздөрдү айтканы мени аябай капа кылды. Андан тышкары ал кишинин АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде жасалды деген бир жалган документ чын деп ишенгендигин жарыя кылганы да капалантты. Ошондой эле президент Акаевдин бийликтен кетээрине бир ай калганда кыргыз өкмөтүнүн бир топ өкүлдөрүнүн АКШ жөнүндө туура эмес ойлорду таратып, АКШнын аракеттерине терс баа берип, мамилелерди суутууга кылган аракеттери кабатырлантты. Азыр ал ойлор Акаевдин өз көз караштары же анын үй-бүлөсү менен айланасындагылардын көз карашы экендигин так айтуу кыйын. Бирок мындай жасалма маалыматтарды таратуу Акаевдин деңгээлинен төмөн иш болчу.

АКШ Акаев бийликте турган 15 жылдын ичинде бир топ жардамды берген. Мен өзүм элчи болуп иштеген бир жарым жылдын ичинде Акаев менен бир нече жолу жолугушканда ага бир топ кеңеш бердим. Алардын башкылары- парламенттик шайлоонун ачык өтүүсүн камсыз кылуу жана Конституцияга жараша бийликтен сөзсүз кете тургандыгы жөнүндө ачык билдирүү жасоо кеңеши болчу. Бул кеңештерге ал киши жакшылап кулак салганда кыргыз демократиясынын атасы катары тарыхта калып, бийликтен абийири менен кетмек. Бирок анын ордуна ал өзүн кыргыз элинин кыйынчылыктарынан обочолонтту. Бул жагдай аны өз бийлигин таштап кетүүгө мажбур кылды.

Ал эми АКШнын Кыргызстандагы демократиялык процесстерди колдоосу дайыма ачык жана бардыгына көрүнүп тургандай абалда жүргүзүлүп келген. Биздин колдообуз оппозицияга эмес, парламенттик шайлоодо татыктуу адамдар ачык шайлоо аркылуу депутаттык орун алуусуна багытталган эле. Тилекке каршы, президент Аскар Акаев оппозициянын өкүлдөрүнө бийликтин өкүлдөрүндөй эле демократиялык бирдей шарт камсыз кылып, толук кандуу шайлоодон өтүү мүмкүнчүлүгүн бере алган жок.

Менин оюмча, Акаев өзү кетирген катачылыктарды башка бирөөнүн мойнуна сала берүүдөн тышкары Кыргызстандагы оппозициянын деңгээлин абдан көтөрүп сүрөттөп да жиберди.Менимче муну менен ал өлкөдөгү шайлоочулардын жүрөгүнүн үшүн алып, Кыргызстанды өзү гана башкара ала тургандыгына ынандыргысы келген. Анын ою боюнча, бийликке умтулган башка адамдардын бардыгы экстремист, улутчул же коомго башка бир терс таасир бере турган адамдар болуп чыккан. Анткени Акаев 15 жылдык бийликте отуруп, өзү бийликтин туткунуна айланып калган болчу.

Мен Кыргызстандын даанышман эли келе жаткан шайлоодо кыргыз элинин келечегине кеңири жол ача турган жетекчини шайлап алаарына терең ишенем. Биз эч бир талапкерге артыкча мамиле жасабайбыз.Бирок биз кыргыз элинин демократиялык шайлоо аркылуу өзүнүн чыныгы тандоосун билдирүүгө шарт түзгөнгө аракет кылабыз.

СУРОО:
-Кыргызстандын айрым саясатчылары президенттик шайлоого чейин конституциялык реформа жүргүзүп, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат.Бул сунуш жөндүү деген ойдосузбу?

Стивен Янг:
- Менин оюмча, бул Кыргызстандын жалпы коомчулугу тарабынан кенен талкууга алына турган маселе. Азырынча шашпай, конституциялык реформа жүргүзүү боюнча бардык саясатчылардын, бардык саясий күчтөрдүн ой-пикирлерин адегенде угуу жакшы болот. Азыр эң маанилүү маселе - президенттик шайлоону ачык жана калыс өткөрүү. Андан кийин жаңы өкмөт менен бирге Кыргызстан үчүн конституциялык өзгөртүү зарыл экендигин аныктоо зарыл.

СУРОО:
-10-июлда президенттик шайлоо боло турган болду. Анын ачык жана калыс болушу үчүн кыргыз өкмөтү кандай аракеттерди көрүүсү абзел?

Стивен Янг:
- Мен жогоруда айткандай, 24-марттан кийин түзүлгөн жагдай Кыргызстан гана эмес, бүткүл Борбор Азияда мурда болуп көрбөгөндөй ачык шайлоо өткөрүүгө шарт түздү. Азыр айрым тараптардын 3 айлык мөөнөт кыска деп жатышкандыгына карабастан, менин өкмөтүм жана башка эл аралык уюмдар 3 айдын ичинде толук кандуу, ачык шайлоо өткөрүүгө камылга көрүүгө убакыт жетиштүү деген ойдо. Менин баамымда, өткөн кыштагы шайлоодо 3 эң чоң кемчилик болду. Анын эң башкысы - мамлекеттик бийлик органдарынын шайлоого кийлигишип, өкмөтчүл эмес талапкерлерге бут тосуусу. Өкмөттүн колунда турган массалык маалымат каражаттарынын, айрыкча, телевидениенин өкмөтчүл талапкерлердин таламын талашып туруусуна мажбур кылынгандыгы жана шайлоонун жыйынтыктарына басым кылуу үчүн көп акча зор мааниге ээ экендигин күчөтүү болду. Бул кемчиликтердин ичинен экөө - мамлекеттик органдардын кийлигишүүсү жана массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүү июлдагы шайлоодо башкы көйгөй болбойт деп мен ишенем. Шайлоо учурунда пара берүү жана добуштарды сатып алуу көйгөйү да чечилиши мүмкүн. Ал үчүн БШК, жергиликтүү, эл аралык байкоочулар жана коомдук уюмдар ага каршы күрөшүүгө бүт күч-аракетин жумшаса, ал болбойт. Ошондуктан, эл аралык уюмдардын жана эл аралык коомчулуктун жардамы менен шайлоо өнөктүгүн ачык жана калыс өткөрүүгө жетише алат деген ойдомун.

СУРОО:
-Россиялык айрым гезиттер президенттик шайлоодо Россия Курманбек Бакиевге, АКШ Феликс Куловго колдоо көрсөтөт деп жазышты. Бул боюнча пикириңиз кандай?

Стивен Янг:
- Менимче, Украиндагы президенттик шайлоо жана андан кийинки окуялар Россияга чоң сабак болду. Ошондуктан, Россия кайсы өлкөдө өзүнө керектүү талапкерди алдын-ала тандабайт. Мен Феликс Кулов түрмөдөн чыккандан кийин жолугуштум. Андан тышкары Адахан Мадумаров жана президенттик шайлоого катышам деген бир топ коомдук ишмерлер менен сүйлөштүм. Бул сүйлөшүүлөрдөн кийин мен алардын бардыгы кыргыз элине өзүлөрүнүн бардык жакшы жактарын көрсөтүп, татыктууларын тандап алуусуна шарт түзүшөт деп ишенип калдым. Андан тышкары эгер талапкерлердин дебаттары телевидение аркылуу жалпы элге көрсөтүлсө, коомчулук алардын көз караштары жана алдыга койгон максаттары жөнүндө толук маалымат алып, өз чечимин такташына зор мүмкүнчүлүк берет эле.

СУРОО:
-Азыр айрым саясий күчтөр Бишкектин тегерегинде жер басып алууларды ыңкылаптын экинчи толкуну башталды деп баалады. АКШ бул окуялар өлкөнү кандай абалга алып келет деп баа берип жатат жана жер басып алуу аракетине эмне түрткү берди деген ойдо?

Стивен Янг:
- Жаңы өкмөт жана парламент опурталдуу бул маселеге сабырдуулук менен аябай кылдат мамиле жасап жатат.Менимче, кырдаалдан чыгуунун 2 жолу бар. Анын биринчиси - өкмөт жер басып алган адамдар менен сүйлөшүүгө барып, алардын жүрөгүн өйүгөн маселени талкуулоосу. Экинчиден, ошол талкуулоо учурунда бул маселе мыйзамдын гана чегинде чечилет деген туруктуу ойдо туруп, ошол көз карашты бекемдөө керек. Жерди басып алуу өлкөдөгү кырдаалды курчутуп, анархияга кириптер кылышы мүмкүн. Мен ушул татаал өткөөл мезгилде бардык кыйынчылыктардан аман жана тынч чыгуу жолун табууга кыргыз элинин даанышмандыгы жол берет деп баса белгилегим келет.

-Маегиңиз үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG