Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

БЕРМЕТ АКАЕВА КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТЫП КЕЛДИ


Кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевдин кызы, Жогорку Кеңештин депутаты Бермет Акаева 14-апрелде Кыргызстанда пайда болду. Ал Жогорку Кеңештин отурумуна катышып, журналисттердин айрым суроолоруна жооп берди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы болуп өткөн окуя мамлекеттин тарыхындагы кайгылуу мезгилдин бири, бирок өлкөнүн тынчтыгы, элдин бейпил турмушу үчүн үмүттөнүп иштөө зарыл. Ал ошондой эле азыркы оор абалдан кооптонбостугун, кыргыз эли ага карата эч кандай проблема түзбөстүгүнө токтолду. Өзү шайланган №1 Университет шайлоо округундагы шайлоочулардын ишенимин актоо үчүн депутаттык ишин улантаарын белгиледи. Бермет Акаева иниси Айдар Акаев да өлкөгө кайтып келип, Кемин шайлоо округундагы депутаттык ишин улантаарын маалымдады.

Анын келишине депутаттар ар кандай пикирде болгондуктан Бермет Акаева түшкө чейинки танапистен кийин Жогорку Кеңештен кетип калды.
Жогорку Кеңештин имаратынын алдына жыйырмага жакын адам чогулуп, анын Жогорку Кеңеште пайда болушуна нараазылык билдиришти жана депутаттыктан кетүүсүн талап кылышты.

XS
SM
MD
LG