Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:53

ИРАК МУНАЙЫ: АТКЕЗЧИЛЕР КАРМАЛДЫ


Улуттар Уюмунун Иракка арналган программасына байланышкан жаңжалдын биринчи күнөөкөрлөрү кармалды. АКШнын федералдык прокуратурасы үч кишиге ырасмий түрдө айып тагып, алардан экөөнү камакка алды. Үчүнчүсүн британ бийликтери кармап, Вашингтонго өткөрүп берүүгө тийиш. Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Иракта эски режимдин тушунда Багдад төбөлдөрү мунай аткезчилигинен парага туйтунуп турушканын ырастап,бул үчүн жарым-жартылай жоопкерчиликти АКШ менен Британияга жүктөдү.

14-апрелде Техаста Хьюстон шаарында жергиликтүү мунай компаниясынын ээси Дэвид Чалмерс жана анын кызматкери,болгариялык Людмил Дионисиев камакка алынды. Үчүнчү айыпкер Жон Ирвингди кармап берүү өтүнүчү менен америкалык бийликтер британ өкмөтүнө кайрылышты. Тергөө материалдарына ылайык,Чалмерстин компаниясы учурунда Саддам Хусейнге жана анын төбөлдөрүнө ири суммада пара берип, алардан ирак мунайын сатканга контракт алышкан. Бул иште аталган үч бизнесмен негизги “оюнчулардан” болушкан.

“Мунайга азык-түлүк айырбаштоо” деп аталган ООНдун программасы 64 миллиард доллар өлчөмүндө бекитилген. Эксперттердин эсептерине караганда, программа иштеп турган жылдары Саддам Хусейндин өкмөтүндөгүлөр чет элдик компаниялардан бери дегенде – алты,ары барганда – сегиз миллиард доллар суммасында “жемпул” алышкан.

Гуманитардык максаттагы программа, ФБРдын жогорку даражалуу ырасмий өкүлү Жон Клочандын айтымында, негизинен төбөлдөрдүн капчыгын кампайтуунун булагына айланган. Бу программанын бир талуу жери - ал Саддамга өз жакындары менен досторуна мунай контракттарын түзгөнгө мүмкүндүк калтырган, мунун өзү түлкүгө тоок кайтарткандай эле иш болгон, деп айтты ФБРдын өкүлү.

Иракта ООНдун огеле көп көзөмөлчүлөрү иштеген, бирок алар мурдунун алдында болуп жаткан иштерди байкаган эмес. Саддамдын кишилери санкциялардын шартын бузуп, кошумча салык алуунун көмүскө системасын түзүшкөн жана анын аркасында арам акчага туйтунуп турушкан.

Прокуратура түштүккореялык бизнесмен Тонгсюн Паркка да өзүнчө иш козгоду. Нью-Йорктун башкы прокурору Дэвид Келли “желкепулдун” көп бөлүгү нак акча түрүндө болгонун, аны Ирак өкмөтүнүн өкүлү деген атка жамынып Парк дипломатиялык колсандыктарга салып, Манхеттенге ташып турганын, акчанын айрым бөлүгү ООНдогу кызмат адамдарынын бирине сарпайга тартууланып келгенин билдирди.

ООНдун баш катчысы Кофи Аннан фактыларга таянып, АКШ менен Британия Багдаддагы режимге кыйкымчылдык менен көз салып тургандыгына карабастан Саддамдын төбөлдөрү мыйзамсыз кирише таап турушканын белгиледи.

Аннандын пикиринде, Вашингтон менен Лондон аткезчиликти токтотуп кала алмак, анткени алар кылт эткен кыймылдын баарына космостон байкоо салып турган болуу керек, бирок мунайдын көбү аларга союздаш өлкөлөргө - Түркияга жана Иорданияга ташылгандыктан, мунун баарына көз жумуп коюшкан өңдөнөт.

XS
SM
MD
LG