Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

АКСЫ ОКУЯСЫНА САЯСИЙ БАА БЕРИЛЕ ЭЛЕК


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандагы ыңкылаптан кийин айрым бейөкмөт уюмдар кайрадан Аксы окуясына кайрылып, күнөөлүүлөрдү сот жазасына тартууну жана бул окуяга саясий баа берилишин талап кылышууда.

2002-жылдын март айында орун алган коогалаңдуу Аксы окуясында милиция тарабынан 6 адам атып өлтүрүлгөн. Андан бери бул кандуу окуяда курман болгондор менен жабыр таркандардын ата-эне, бир туугандары, акыйкат издеген жүздөгөн атуулдар бул окуяга күнөөлүүлөрдүн жоопко тартылышын талап кылып, бир нече ирет нааразылык акцияларга, жөө жүрүштөргө чыгышты.

Аксыда курман болгондордун энелери Бишкекке да келип, бийлик өкүлдөрүнөн күнөөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылышты. Бирок, алардын талаптары аткарылбаган бойдон калып келген. Аксы окуясы болгондон бери бейөкмөт уюмдар бийликтен бул кандуу окуя боюнча акыйкат иликтөөнүн жургүзүлүшун тынымсыз талап кылып келгени коомчулукка маалым.

Ошондуктан, 24-марттагы ыңкылаптан кийин, өлкөдөгү бейөкмөт, укук коргоо уюмдар кайрадан Аксы окуясына саясий баа берилишин, бул окуяга күнөөлүүлөрдүн сот жообуна тартылышын талап кыла башташты.

Бул жөнүндө «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова:

- Бүгүнкү күнгө чейин Аксы окуясына саясий да, моралдык да, юридикалык жактан да баа бериле элек. Ошондуктан, биз, атуулдук коомдун өкүлдөрү, укук коргоочулар кайрадан бийликтин, баш прокуратуранын, сот органдарынын алдында Аксы окуясынын иликтениши боюнча талаптарды койобуз. Аксы окуясы Кыргызстандын тарыхындагы кара так болуп калды. Анда кан төгүлгөн. Азыр Аксы боюнча маселе БУУнун Адам укуктары боюнча Комитетинде каралып жатат. Биз бул окуяга сөзсүз саясий баа берилип, кылмышкерлер жоопко тартылаарына ишенебиз , - дейт Азиза Абдрасулова.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов да Аксы окуясы боюнча иликтөөлөр жүргүзүлүп, ага күнөөлүү адамдар сот жообуна тартылышы керек деген пикирде:

- Акаевдин доорунда Аксы окуясы жакшы териштирилбей, эч ким жоопко тартылган жок. Мына эми Аксы окуясы боюнча тергөөнү кайра жүргүзүп, 17-18-март күндөрү Аксы районундагы элге каршы кылмыш аракеттерди ким башкарган, ким адамдарды атууга буйрук берген, ошолор боюнча тергөө иштери жүргүзүп, күнөөлүүлөр Кылмыш Кодексине ылайык, жоопко тартылышы керек .

Ал эми айрым бейөкмөт уюмдар болсо, Аксы окуясын кайрадан козгоонун зарылдыгы жок деген көз карашта. Буга байланыштуу Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар Ассоциациясынын төрайымы Токтоайым Уметалиева мындай дейт:

- Эми Аксы окуясын кайрадан ырбатуунун кереги жок. Арбактарды да тынч коюш керек. Бул мусулманчылыкка да жакпайт. Жараны ырбатса ырбай берет. Андан көрө, Аксыда болгон окуя кайрадан кайталанбашына аракет жасашыбыз керек. Кыргыз эли кечиримдүү болгон. Кечиримдүү болбосок, келечегибиз болбойт .

Ал эми өлкөнүн башкы прокурорунун милдеттерин убактылуу аткаруучу Азимбек Бекназаров Аксы окуясына эртеби, кечпи, тарых өз баасын берет деген ойдо:

- Мен ойлойм, мындай окуялар улуттун трагедиясы болгондон кийин, ага акыйкат баа берилбесе, бул токтобой турган нерсе. Тарыхта кандай окуя болбосун, ага эртели кечпи акыйкат баа берилет , - дейт Азимбек Бекназаров.

Буга чеийн Аксы окуясы боюнча бир нече ирет терегек үстөл жыйындарын, ачык угууларды өткөрүп, Аксы окуясында жабыр тарктандардын укуктарын коргоо багытында бир топ иштерди жүргузүп келген «Атуулдар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова мындай дейт:

- Аксы окуясы боюнча биз ар кандай деңгээлде акыйкаттыкты талап кылууну улантабыз. Биз биргелешип бул окуя боюнча коомчулукка акыйкатты алып келмейинче, өлкөдө демократияны мындан ары өнүктүрө албайбыз. Бул маселе ачык бойдон кала берет .

XS
SM
MD
LG