Чындыгында өлкөдөгү басылмалар авторитардык тескөөгө кабылып келгенин эксперттер белгилеп келишкен. 24-марттагы ыңклаптан кийин бардык басылмалар эркиндикке ээ болуп, учурда алар бири-биринен айырмаланбай деле калышты. Алдыда аларга ушундай эле мамиле болоорун өкмөт башчысы Курманбек Бакиев да ырастады:
- Менин оюм ушундай, буюрса бир аз убакыттан кийин өкмөттүк гезиттерге да эркиндик берсекпи деген максат бар. Өкмөттүк гезит болобу, башка гезит болобу бардыгы эркин болуп, колунан келишинче, мүмкүнчүлүгүнө жараша өздөрүн өздөрү каржылап өздөрү каалаган материалды чыгарып бутуна туруп оңолуп кетишсе. Өкмөттүн саясаты ушундай болот, бардык гезиттерге бирдей шарт, бирдей көз карашта болот.
Өкмөт башчысы Курманбек Бакиевдин бул аракети кандай натыйжаларды берээри жана ал кандай ишке ашаары тууралуу талаш тартыштар жүрө баштады. Ал эми эркин басылмалардын өкүлдөрү дагы эле өкмөттүк гезиттерге ар кандай жардам көргөзүлүп жаткандыгын белгилешет. Мындай пикир менен «Жаңы кылым» гезитинин башкы редактору Марип Тайчабаров да макул:
- Эркин гезиттер мурда өгөйлөнүп жыйындарга чакырылчу эмес. Кайра алар чыгарган гезиттер киоскаларда сатылбай жашырылып, ушундай көп тоскоолдуктар болуп келди. Ал эми өкмөттүк гезиттерге каржылоо жагынан дагы эле жардам берилип келет.
Ошол эле учурда өкмөттүк гезиттерге көргөзүлгөн жардам жалпы жамаатты багууга жана гезитти толук кандуу басууга жарамсыз экенин “Эркин тоо” гезитинин башкы редактору Нурлан Шакиев маалымдайт.
- Мына өкмөттүк гезиттер боюнча маселе көтөрүлүп жатат бюджеттен каржыланып жатат деген. Мына ушул жылга “Эркин тоо” гезитине болгону 470 миң сом бюджеттен каралган. Ал мыйзамдарды үзгүлтүксүз чыгарууга гана көмөк иретинде каралган. Ал гезиттин эсеп-кысабына келип түшпөйт. Ал гезиттин жалпы чыгымынын 17 пайызын гана жабат - , дейт Нурлан Шакиев.
Басылмаларга байланыштуу мына ушундай ар кыл пикирлер бул тармакта чиелешкен маселенин көптүгүнөн кабар берип турат. Бирок көпчүлүк байкоочулардын пикирине караганда басылмаларга карата саясат өзгөрүп, көп жылдар бою топтолгон маселелерди чечүүгө алгачкы аракеттер башталды.