Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Аскар Акаев декларациясын бере элек


БИШКЕК. Кыргызстандын 1 миң 200 мамлекеттик кызматкери ушул жылдын 1-майына чейин өткөн жылда тапкан кирешеси жана мүлкү жөнүндө декларацияны берүүгө милдеттүү. Мындай маалымат мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктен алынды. Агенттиктин директору Акылбек Жумабаевдин билдирүүсү боюнча, мурунку бийликтин кызматтан бошотулган бардык кызматкерлери, депутаттар жана экс-президент Аскар Акаев да акыркы эки жылда тапкан байлыгы, мүлкү жөнүндө декларация берүүгө милдеттүү. Өздөрү гана эмес алардын жубайлары жана жакындары да маалымат берүүгө тийиш. Мамлекеттик кызмат боюнча агенттик БУУнун коррупцияга каршы күрөшүү конвенциясын тезинен ратификациялап берүүнү Жогорку Кеңештен өтүндү. Ага Кыргызстан КМШдагы мамлекеттердин ичинен экинчи болуп кошулган.

XS
SM
MD
LG