Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:11

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ КЫРДААЛ


Нарын АЙЫП Ирактагы куралдуу кагылышуулардын саны акыркы күндөрдө бир кыйла көбөйдү жана америкалык жетекчиликтин айтымында, согушкерлердин чабуулдары татаалдаша баштады. Андан тышкары, эл аралык коалицияга кирген мамлекеттерге басым жасалып, алардын аскерлерин Ирактан чыгарып кетүү талаптары коюлууда. Мындай татаал абалда АКШ менен Италия ортосунда да пикир келишпестиктер чыгууда жана жакын арада италиялык аскерлер да Ирактан чыгарыла башташы мүмкүн.

Италия коомчулугу башынан тартып эле Ирактагы cогушка бир кыйла каршы болчу, ал эми мындан эки ай мурда Иракта барымтага алынган журналист Жулиана Сгрена бошотулган учурда болгон кырсык эл маанайын антиамерикалык жакка ого бетер бурду. Көпкө уланган татаал сүйлөшүүдөн кийин Сгрена 4-март күнү туткундан бошотулуп, Багдад шаарын көздөй келатканда америкалык текшерүү түйүнүнөн анын машинесине ок жаадырылган.

Сүйлөшүүнү жүргүзгөн италиялык коопсуздук кызматынын офицери Никола Калипари журналистти өз денеси менен жаап калгандыктан гана Сгрена тирүү калган, алардын жанындагы эки адам дагы набыт кеткен. Америкалык аскерлердин айтымында, машине текшерүү түйүнүнө өтө ылдам жакындап келаткан жана токто деген белгилерге баш ийген эмес. Сгренанын өзүнүн айтымында болсо, америкалык жетекчилик алдын ала эскертилген, машине ылдам келаткан эмес жана америкалык аскерлерге жакындаганда ылдамдыгын азайта баштаган.

Окуя тууралуу эки тараптуу комиссия түзүлгөн, ал өз докладын жарыялай элек, бирок америкалык генералдар тарабынан 25-апрелде журналисттерге жашыруун берилген маалыматтарга караганда, ок аткан америкалык аскерлердин бири дагы жаза тартпайт, анткени алар бардык эрежелерди так аткарган. Бул кабар азыр италиялык маалымат каражаттарынын эң негизги темасы жана коомчулук италиялык аскелерди тез арада Ирактан чыгарып кетүүнү талап кылууда.

Азыр Иракта 150 миң америкалык аскер бар жана башка мамлекеттерден дагы кошумча 23 миң аскер келген, алардын 8850сүн Улуу Британия жиберген. Анткен менен согуш башталганда АКШ жетектеген коалицияга 38 мамлекет кошулган болсо, азыр Иракта 24 өлкөнүн гана аскери калды жана Испания, Таиланд, Мажарстан, Гондурас, Доминика, Никарагуа, Португалия, Жаңы Зеландия, Филиппин, Норвегия сыяктуу өлкөлөр аскерлерин чыгарып кеткен.

Андан тышкары Дания азыр өз күчтөрүн Ирактан алып кетүүдө, Болгария өзүнүн 450 аскеринин чейрегин июнга чейин чыгарып кетээрин билдирген, Украинанын 1600 аскери да жыл жарымына чейин Ирактан кетет жана Польшанын 2400 аскери үстүбүздөгү жылдын аягына чейин мекенине кайтууга тийиш. Мындай маанайдын жалпы таасири астында жана Италия коомунун өзүнүн талабын аткаруу максатында премьер-министр Сильвио Берлускони дагы март айында - Иракка Италия жиберген үч миң аскер сентябрга чейин өлкөдөн чыгарылат деп жарыялады.

Британиядагы "Жейнс" изилдөө тобунун эксперти Дэвид Хартвеллдин айтымында, мындай маанай башталганына көп болду:

- Башка мамлекеттердин аскерлеринин Ирактан чыгарылып кетиши мындан бир жылдай мурда башталган жана ага Испаниядагы шайлоодон кийин бул өлкөнүн жаңы өкмөтү кабыл алган чечим түрткү болгон. Бир топ мамлекет ушундай чечимге келүүдө жана алардын акыркысы – Италия.

Акыркы күндөрдө болсо Румыния өкмөтүнө да басым жасалууда. 28-мартта Багдад шаарынын алдында үч румыниялык журналист жана алардын бир котормочусу барымтага алынган жана, "Ал-Жазира" сыналгысы 27-апрелде көрсөткөн видеого караганда, Румыния жетекчилигине акыркы эскертүү жасалды, эгер ал өз аскерлерин Ирактан алып чыгып кетпесе, журналисттер өлтүрүлөт. Румыния Иракка 800 аскер жиберген жана эксперттердин пикиринде, өлкө өкмөтү үч журналист үчүн аларды Ирактан чыгарып кетпейт.

XS
SM
MD
LG