Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

ОШ ШААРЫНДА “МК АЛЬЯНС” БЕКЕТИН БЕЛГИСИЗ БИРӨӨЛӨР КАРАКТАП КЕТИШТИ


Кубанычбек Жолдошев 28-апрель күнү белгисиз бир кылмыштуу топ “Бакай” банкынын Оштогу филиалын карактоого аракет жасап, бирок максаттары ишке ашпай калган болчу. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Урайымжан Ташиев 29-апрелде эртең менен бирөөлөр шаардын чок ортосунда жайгашкан “МК Альянс” автомай куйуучу бекетине кол салып, карактап кеткендигин билдирди. Милиция кызматкерлери бул эки кылмыштын артында бир эле топ турат деп болжолдошот.

Ош шаарында түзүлгөн криминалдык кырдаалга байланыштуу 28-апрелден баштап Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыктарынын өздүк курамдары күчөтүлгөн кызмат абалына өтүштү. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Урайымжан Ташиев кылмыштуулукту болтурбоо жана коопсуздук чараларын күчөтүү багытында атайын иш чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын мындайча билдирди:

- 30-апрелден баштап 10-майга чейин биздин Ош шаардык ички иштер башкармалыгы күчөтүлгөн режимде иштейт. Андан тышкары элдик дружинаны да кошуп иштетебиз. Мэриянын кварталдык комитеттери болуп коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукту болтурбоо боюнча атайын иш-пландарын түзгөнбүз.

Жергиликтүү талдоочулар коомдогу туруксуздукту пайда кылуу максатында кандайдыр бир саясий күчтөр кылмыштуу топтордун колу менен шаарда карактоолорду жана талап-тоноолорду уюштурууга кызыкдар деген божомолдор айтылууда. Ал эми талдоочу Гүлжан Ажыматова март окуяларынан кийин күч органдарынын бошоңдошуп калгандыгынан улам кылмыштуу топтор өз ишмердүүлүгүн жандандырууга аракеттенип жатышат деген пикирин билдирди:

- Бүгүнкү күндө жалпы эле шаарды алып карасак, криминагендик абал өтө татаал болуп турат. Анткени бизде болуп өткөн март окуяларынан кийин укук коргоо органдарынын иш аракеттери бир аз бошоңдошуп калгандай болууда. Криминалдык топтордун активдешүүсү байкалууда. Бул себептен мамлекеттик укук коргоо органдары өздөрүнүн ишин активдештирүүсү керек. Болбосо,шаарыбызда, жалпы эле республикабызда бүгүнкү күндөгү кырдаал өтө татаал жана коркунучтуу.

“Фергана-“АКИ пресс” агенттигиндеги маалымат жыйынында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Урайымжан Ташиев шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылууга милициянын толук мүмкүнчүлүгү жетет деген ишенимин билдирди:

- Ош шаарынын тургундары тынчсызданбай эле койсо болот. Себеби биздин колубуздан келишинче иш чараны жүргүзүп атабыз. Майрамдар, буюрса, тынч эле өтөт. Ал үчүн биз баардык күч аракетибизди жумшайбыз. Эгерде мыйзамдуулук бузулган болсо, кандайдыр бир кылмыштуулук жасалган болсо, алар боюнча иш чара көрүлөт. Аларды болтурбай коюу боюнча дагы азыр көп-көп иш чаралар жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG