Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:21

Рамаллахта Россиянын жана Палестин автономиясынын президенттеринин сүйлөшүүлөрү болуп өттү


РАМАЛЛАХ. Бүгүн Иордандын батыш жээгиндеги Рамаллах шаарында Россиянын президенти Владимир Путин менен Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббастын сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Путин Россия Палестин автономиясына жардам бере турганын айтты.
Биз палестин жетекчилигине техникалык жардам берип, жабдуулар менен камсыз кылууга жана коопсуздук күчтөрүн машыктырып, үйрөтүүгө көмөктөшөбүз. Баштапкы баскычта биз авиажабдыктар, тик учмалар жана байланыш каражаттары менен жардам беребиз,- деди Путин.
Өз кезегинде Палестин жетекчилиги Россиянын Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Москвада атайын эл аралык конференция өткөрүү жөнүндөгү сунушун колдоп чыкты.
Палестин автономиясы Путиндин жакынкы Чыгышка жасаган визитинин соңку аялдамасы.Үч күндүк визитинин жүрүшүндө ал Мисирде, Израилде жана Палестин автономиясында болду. Бул Россиянын мамлекет башчысынын акыркы 40 жылдан бери жакынкы Чыгышка жасаган алгачкы визит болду.

XS
SM
MD
LG