Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Ооганстандын эки провинциясында тополоң уланууда


Ага Гуантанамодогу аскерий базада америкалык тергөөчүлөр туткун талиптерди сурак-сопкутка алган кезде Курани каримге акаарат келтиргени жөнүндөгү кабарлар себепчи болду. Бадахшандагы жана Газидеги кара тополоңдо набыт кеткендер жана жарадар болгондор бар. Коңшулаш Пакистанда да бир нече шаарларда исламчыл топтор демонстрацияларды өткөрүштү. Исламабаддагы митингде ислам саясий бирикмесинин өкүлү Хафиз Хусейн Ахмад эгер АКШ жалпы мусулман дүйнөсүнөн кечирим сурабаса жана келечекте мындай иштер кайталанбай турганына кепилдик бербесе, ислам партиялар альянсы нааразылык өнөктүгүн жарыялайт деп эскертти. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондализа Райс бул ишке байланыштуу америкалык бийликтер иликтөө иштерин жүргүзө тургандыгын кабарлады.

XS
SM
MD
LG