Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:06

АНЖИЯНДАГЫ ОКУЯЛАРГА ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУКТУН МАМИЛЕСИ


Нарын АЙЫП, Прага Өткөн аптанын аягында Өзбекстандын Анжиян шаарында болгон окуя тууралуу дээрлик бардык негизги эл аралык уюмдар жана батыш өлкөлөрү өз пикирин билдирди жана алар негизинен элге каршы өтө эле катуу чаралар көрүлгөн деп айтууда. Кээ бир уюмдар окуя болгон жерге өз өкүлдөрүн жиберүүгө аракеттенүүдө.

Окуя болуп өткөнүнө төрт күн толгонуна карабай, Анжиянда канча адам набыт кеткени эмгиче так белгисиз, өкмөт бир санды, күбөлөр башка санды, ар башка маалымат каражаттары андан да башка санды айтууда. Өзбек өкмөтүнүн маалыматы боюнча, отузга жакын адам курман болгон, "Эзгулик" аттуу адам укуктарын коргогон уюмдун мүчөлөрү Анжияндын өлүкканасында өз көзү менен 200 адамдын денесин көргөнүн айтууда, "Озод дехконлар" деген партиянын маалыматы боюнча, өлгөндөрдүн саны жети жүз элүүгө жакын.

Эл аралык уюмдардын ичинен Өзбек бийлигинин элдик демонстрацияга ок атканын Европа Биримдиги эң катуу сынга алды, Биримдикте азыр Люксембург төрагалык кылат, бирок анын Өзбекстанда элчилиги жок, ошондуктан июлдан тартып Люксембургдун ордун баса турган Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро Европа Биримдигинин өкүлүчүлүгүнүн Анжиянга барып, абал менен жеринде таанышып келе турганын билдирди:

- Эгер Европа Биримдигинин элчилери жана аларды коштогон журналисттер Анжиянга барып, абалды өз көзү менен көрсө, албетте, окуяга баа берүүгө абдан чоң көмөк болот.

Биримдиктин өкүлчүлүгү Өзбекстанга 18-майда барышы күтүлүүдө. Стронун айтымында, козголоңдун айынан адам укуктары одоно бузулганы айдан ачык жана аскерлердин элге каршы ок атканын эч кандай себеп менен актоо мүмкүн эмес.

Башында Өзбекстандагы окуяларга аяр мамиле кылган Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Ричард Баучер дагы 16-майда бир топ катуу билдирүү жасады:

- Өткөн жума күнү өзбек аскерлери элге каршы ок атканына биз катуу кабатырлануудабыз. Элдин арасында ким бар экенин талдабай күч колдонулганын биз жактырбайбыз жана курман болгондордун туугандарына көңүл айтабыз. Өзбек өкмөтүнө кайрылып, биз аны сабырдуулукка чакырабыз, мыйзам бузуулар көпкө улана турган болсо стабилдүүлүккө алып келебейт. Аны биз Өзбекстандын өкүлдөрү менен Вашингтон шаарында жолукканда да айттык.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун учурдагы төрагасы Димитрий Рупелдин айтымында, өзбек өкмөтү террорчулар менен күрөшүп жатабыз деп ойлойт, бирок элдик демонстрацияга каршы күч колдонуу учурунда өкмөт өтө эле катуу чара көрдү. Вена шаарында жайгашкан Адам укуктары боюнча Хельсинки федерациясынан аткаруучу деректири Аарон Роудстун айтымында, куралсыз элге ок атканы менен өзбек өкмөтү өзүнүн мыйзамдуу бийлик экендигинен күмөн жаратууда:

- Көп жагынан караганда өзбек бийлиги көптөн бери легитимдүү эмес, бул режим абакта кармалгандарды кыйнаганы менен, кыйноо алдында күнөөнү моюнга алдырып, анан андай адамдарды өлүм жазасына кескени менен, жарандык жана адам укуктарынын бардык түрлөрүн бузганы менен, диний ишеними үчүн жарандарды жазалаганы менен, саясий плюрализмдин кандай болбосун түрүнө басым кылганы менен белгилүү. Бул жөн гана зомбу бийлик.

Бириккен Улуттардын Баш катчысы Кофи Аннан болсо тараптарга кайрылып, аларды сабырдуулукка чакырды.

Сурөттө: Анжиян козголоңдон кийин

XS
SM
MD
LG