Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

МУРДАГЫ БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮ БАКИЕВ МЕНЕН КУЛОВДУН БИРИГҮҮСҮН КОЛДООДО


Азиза Турдуева, Бишкек 24-марттагы ыңклаптан кийин, Кыргызстанда мурдагы бийликтин өкүлдөрү тарабынан жаңы саясий партиялар түзүлүүдө. 19-майда Бишкекте «АКИпресс» маалымат агенттигинде өткөн жыйында өлкөнүн мурдагы ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев жетектеген «Акыйкат» партиясынын уюшулгандыгы жарыяланды.

Маалымат жыйынында Кеңешбек Дүйшөбаев билдиргендей, «Акыйкат» партиясынын башкы максаты – Кыргызстанда адам укуктары сакталган, ар бир адамдын коопсуздугуна кепилдик берген жана калктын бакубат турмушун камсыздаган мамлекетти куруу, өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуу. Дүйшөбаев мындан сырткары партия өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Куловдун президенттик шайлоо боюнча бир пикирге келишин колдоорун белгиледи:

- Акыйкат» элдик партиясы өлкөдөгү белгилүү эки саясатчынын биригүүсүн колдоого алат. Мен өзүм да Феликс Куловдун өкмөткө келгендигин колдойм. Мен Феликс Кулов өлкөнү жана коомдо туруктуулукту орнотууда чоң ролун көрсөтө алат деп эсептейм.

Кеңешбек Дүйшөбаев ошондой эле «Акыйкат» партиясы азыркы бийликке карата конструктивдүү оппозицияда болооруна жана өкмөттүн өлкөдөгү кырдаалды турукташтуруу боюнча аракеттерине мындайча токтолду:

- Азыр өкмөт тарабынан стабилдүүлүктү орнотуу боюнча белгилүү иш-чаралар көрүлүүдө. Бирок адамдардын укуктары бузулуп, көптөгөң мыйзам бузуулар дагы деле орун алып жатпайбы? Ошондуктан, бул багытта өкмөт тарабынан жетиштүү чаралар жүргүзүлүп жатат деп айта албайм. Эгерде өкмөт тарабынан мыйзамсыз иштер жасалса, биз тигил, же бул маселе боюнча дайыма өз позициябызды билдиребиз. Ал эми колго алаарлык иштерин колдойбуз.

18-майда партиянын курултайында Кеңешбек Дүйшөбаевдин талапкерлиги президенттикке көрсөтүлдү. Партиянын курамында азыр 10 миңге жакын мүчө бар.

Мурдагы бийликте жогорку кызматтарды ээлеген Болот Жанузаковдун жетекчилигинде учурда түзүлүп жаткан «Кут» партиясы да Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун тандемин колдоп жатышкандыгын билдирүүдө. Бул жөнүндө 19-майда ушул күндөрү Ыссыккөлдө дарыланып жүргөн Болот Жанузаков «Азаттыкка» телефон аркылуу билдирди. Болот Жанузаков маалымдагандай, жакында «Кут» партиясынын саясий, экономикалык программасы расмий жарыяланат.

Мурдагы бийликти колдоп келген партиялардын бири «Адилет» партиясынын жетекчилеринин бири, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев да Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун тандеми өлкөдө туруктуулукту камсыз кылат деген пикирин айтты:

-Биздин партия Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун өлкөдөгү туруктуулук, элдин тынчтыгы үчүн биргелешип иштөө боюнча бир пикирге келишкендигин колдоп жатат. Анткени, эгерде алар бириге албаса, өлкөбүздө стабилдүүлүк орношу опурталдуу маселеге айланмак. Ошондуктан, биз бул тандемди колдоп жатабыз. Феликс Кулов буга чейин вице-президент болуп иштеди, андан башка жерлерде иштеген мезгилде да, өзүн жакшы жагынан көрсөткөн, ал иштин көзүн билген жетекчи. Курманбек Бакиев да премьер-министрге чейинки кызмат тепкичтерин өткөн, такшалган жетекчи. Алардын биргелешип иштеши өлкөнүн Конституциянын негизинде өнүгүүсүнө алып келет.

XS
SM
MD
LG