Казакстандагы бийликке Нурсултан Назарбаев келгенден кийин бир дагы президенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өткөн жок. 1996-жылга дайындалган шайлоонун ордуна 1995-жылы элдик референдум уюштурулуп, Назарбаевдин президенттик мөөнөтү дагы беш жылга узартылган. 2000-жылга дайындалган шайлоонун ордуна болсо 1999-жылдын январында кезексиз шайлоо өткөрүлгөн жана анын ортолугунда президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга чейин узартылгандыктан, келерки шайлоо 2006-жылдын январында өтүүгө тийиш, бирок ал дагы азырынча так белгисиз.
Назарбаевдин айланасындагы коррупция менен байланыштуу 1999-жылдын октябрында башталган "Казакгейт" иши болсо АКШнын Нью-Йорк шаарынын сотунда бир нече жолу каралып, үстүбүздөгү жылдын март айында дал ошол 2006-жылдын январына чейин токтотулду. Анткен менен май айынын ортосунда АКШга келип кеткен Назарбаевдин кеңешчиси Карим Массимовдун айтымында, бул ишке казак жетекчилигинин эч кандай тийешеси жок:
- Жеймс Гиффиндин ишинин бизге эч тийешеси жок. Казак тараптын пикиринде, бул - АКШнын өзүнүн ички иши, америкалык өкмөт америкалык жаранга күнөө коюп жатат жана казак тараптан эч ким ага катышкан жок, анын Казакстанга эч таасири да болбойт. АКШнын укук министрлиги менен биз кызматташып жатабыз, америкалык тараптан кандайдыр бир суроолор пайда болгондо, бизде бар маалымат менен биз такай бөлүшөбүз жана бул жагынан алганда дагы эч маселе жок.
Америкалык жаран Жеймс Гиффин "Меркатор" деген банктын деректирлер кеңешинин төрагасы болуп иштеген жана Казакстан өзүнүн мунай корлорун өндүрө баштаганда, 1990-жылдардын орто ченинде президент Назарбаевдин кеңешчиси болуп дайындалган. Премьер-министр Акежан Кажегелдин кызматтан алынгандан кийин, анын чет өлкөлүк банктардагы эсептери издөөгө салынган жана 1999-жылы бир швейцариялык банкта 80 миллион доллары бар жана Назарбаевге таандык бир эсеп кошо табылган. Андан соң швейцариялык банктарда башка да казак жетекчилеринин эсептери бар экени ачыкка чыккан жана аларга америкалык "Шеврон", "Мобил" жана "Амоко" компаниялары тарабынан которулган акчага Гиффиндин тийешеси бар экени аныкталган.
Америкалык мыйзамдар боюнча, чет өлкөлүк жарандар же компанияларга акча берип, кандайдыр бир артыкчылык же жеңилдик алуу кылмыш болуп эсептелинет жана Гиффинге каршы сот иши Нью-Йорк шаарында 2004-жылдын жазында башталды. Биринчи сот жыйындарында казак президенти Назарбаев менен бир кездеги премьер Нурлан Балгимбаевдин ысымдары аталган, анткен менен кийин сот бир нече жолу токтотулуп, эми мына 2006-жылдын январына чейин тыныгуу жарыяланды.
Маскөөлүк "Независимая газета" жазганга караганда, Гиффин АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги - ЦРУ - үчүн дагы иштеген жана соттогу тыныгуу ЦРУнун бул ишке тийешелиги бар экенин күбөлөгөн документтерди тазалоо үчүн берилди. Башка эксперттердин пикиринде, ал соттун президент Назарбаевке залакасын тийгизбөө үчүн Назарбаев өзү жана көптөгөн башка казак саясатчысы АКШ жетекчилери менен жолугуп, сүйлөшкөндө көп жолу сураган жана Назарбаевди бийликтен кетирүүгө Вашингтон азырынча кызыкдар эмес болгондуктан, Казакстанга кезектеги президенттик шайлоону тынч өткөрүп алууга мүмкүнчүлүк берилди.