Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

ГУНТАНАМО ТҮРМӨСҮНДӨ ЫЙЫК КУРАНГА ОДОНО МАМИЛЕ ЖАСАЛГАН ФАКТЫЛАР АНЫКТАЛДЫ


Замира Кожобаева, Прага АКШ иликтөөчүлөрү Гуантанамо булуңундагы аскерий түрмөдө мусулмандардын ыйык китеби Куранга карата америкалык тергөөчүлөр тарабынан жаман мамиле жасалган беш фактыны аныктады. Түрмө жетекчилиги буга чейин Куран китеби ажатканага ыргытылгандыгы тууралуу эч кандай далилдер жок экендигин айткан. Ал эми Пентагондун аткаминери тарабынан Гуантанамо түрмөсүндө аскер кызматкерлери Куран китебине одоно мамиле жасаганы тастыкталгандыгы тууралуу айтылды.

Иликтөөчүлөрдүн бири, АКШ нын генералы Жей Хууд кечээ Гуантанамо булуңундагы түрмөдө мусулмандардын ыйык китеби Куранга сыйлабастык менен мамиле жасалган беш факт аныкталгандыгын айтты. Бирок ал баарын бириндетип санап берүүдөн баш тартты жана кандайча ыдык көрсөтүлгөнү тууралуу аныктама берген жок:

- Биз чындыгында эле Гуантанамодогу аскерлер тарабынан Куранга одоно мамиле жасалган 13 фактыны учураттык. Алардын ону күзөтчүлөр, үчөө тергөөчүлөр тарабынан жасалган. Бирок алардын ичинен Куранга жаман мамиле жасалган деп айтууга негиз берүүчү бешөө аныкталды.

Жакында эле Америкадагы атуулдук эркиндик биримдиги ФБР дин Куранга одоно мамиле жасабоо тууралуу талаптар жазылган жашыруун документин ачыкка чыгарып жиберген эле. 2002-жылдын 1-августу менен белгиленген бул документте Гуантанамо түрмөсүндөгү туткун америкалык аскер кызматкери Куранды ажатканага ыргытып жибергени тууралуу айтып, айыптаган.

Документ ачыкка чыккандын эртеси Вашингтондо болгон маалымат жыйынында генерал Хууд журналисттерге эки америкалык аскер жүрүш-турушу үчүн кызматтык жазалоого тартылганын кабарлады. Анын айтымында, буга чейин туткундар өздөрү да Куранга жакшы мамиле жасабаган учурлар катталган. Ошондой эле, Гуантанамо түрмөсүн иликтөөчүлөр ушул айда ошол эле туткундан интервью алышкан. Негедир ал туткундун аты-жөнү айтылбайт жана ал иликтөөчүлөргө Куранга аскер кызматкерлери эч кандай ыйбаасыз мамиле жасаганына күбө болбогондугун, бирок бул тууралуу уккандыгын айткан:

-Мен сиздер Куран китеби америкалык аскер тарабынан качандыр-бир дааратканага ташталгандыгы тууралуу далил табылбагандыгын билүүңүздөрдү каалайм,- деди генерал журналисттерге.

Айдын башында америкалык “Ньюсуик” журналы америкалык аскер кызматкерлери туткундарга кысым көрсөтүү үчүн Куран китебин ажатканага агызып жибергендиги тууралуу жазып, бир нече мусулман өлкөлөрүндө нааразылыктарды туудурган жана Ооганстандагы демонстрацияда 15 адам курман болушкан. Вашингтон журналдагы ушул макала Американын мусулман өлкөлөрүндөгү аброюна олуттуу зыян келтирди деп айыптаган.

Ал эми эл аралык Кызыл жарым ай коому АКШга 2002-2003-жылдары эле Гуантанамо түрмөсүндө Куранга жакшы мамиле жасалбай жаткан учурлар тууралуу кабарлаганын билдирди. Эл аралык Кызыл жарым ай коомунун өкүлү Флориан Вестфал Женевада чыгып сүйлөгөн сөзүндө бул тууралуу мындай деди:

-Буга чейин деле туткундардан ушу сыяктуу даттануулар келип түшчү. Алар тууралуу АКШ өкмөтү менен талкуулап келгенбиз жана АКШ өкмөтү тарабынан бир катар чаралар көрүлгөн. 2003-жылдан бери мындай дооматтар болгон эмес.

2003-жылы АКШ аскерлери үчүн Куранга туура мамиле жасоо тууралуу атайын көрсөтмө чыгарылган. Меморандум бардык АКШ аскерлеринен Куранды басмырлабай мамиле жасоосун талап кылган.

Шотландиядагы Ислам университетинин изилдөө борборунун жетекчиси Мона Сиддикуи Ыйык Куранга одоно мамиле жасоо аны Кудайдын сөзү деп санаган мусулмандардын нааразылыгын күчөтөрүн айтты:

- Куран — мусулмандар үчүн жөн эле окуй турган китеп эмес, ал ишеним китеби. Муну еврейлердин Тоораты же Христиандардын Библиясы менен салыштырса болот. Мусулмандар үчүн — бул Кудайдын сөзү, алар анда жазылган ар бир сөзгө терең маани беришет. Бул китепти таза кол менен туура кармап, туура окуу да Жараткандын алдында парз болуп саналат.

АКШ бийлиги бир нече убакыттан бери мусулмандардын динин жана диний китептерин терең урматташаарын кайталап айтып келе жатат.

XS
SM
MD
LG