Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Францияда бирдиктүү Европанын Конституциясы боюнча референдум өтүп жатат


Ички иштер министрлиги элдин катышуусу актвидүү болуп жатканын маалымдоодо. Францияда 42 миллионго чукул киши шайлоо укугуна ээ. Добуш берүүгө чейин өткөрүлгөн элдин пикирин сурап билүүлөр Конституцияны колдобогон француздар үстөмдүк кылаарын көрсөтүп жатты. Бул референдумга чоң маани берилип жатат. Кээ бир байкоочулар атүгүл анын жыйынтыгына Еврошаркеттин келечеги багыныңкы дешүүдө. Франция Баш мыйзамды элдин добушуна милдеттүү түрдө коюп жаткан алгачкы европалык мамлекет. Аны Евробиримдиктин 25 мүчөсү тең ратификациялоого тийиш.

Буга чейин 9 өлкө Конституцияны жактырган. Документке каршы болгондор ал социалдык маселелерге караганда, өтө либералдуу экономикалык моделге артыкчылык берет дешүүдө. Франциянын президенти Жак Ширак башындагы Конституциянын колдоочулары анын кабыл алынышы менен Европанын эларалык сахнадагы ролу артат деп ырасташат.

Аныны аралыгында, Голландиянын премьери Ян Питер Балкененде Евроконституцияга колдоосун билдирди. Падышалыктын добуш берүүчүлүөрү да 3 күндөн кийин конституцияга же “Ооба” же “Жок” деп жооп беришет. Балкененденин ырастоосунда, Баш мыйзам Европага көбүрөөк демократия алып келмекчи. Франциядагыдай эле, Голландияда да референдумга чейинки сурамжылоолор, элдин басымдуу көпчүлүгү документке каршы экендигин көргөзүүдө.

XS
SM
MD
LG