Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: “БШКнын УШУЛ ТУТУМУНУН ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮГӨ МОРАЛДЫК УКУГУ ЖОК”


Марттагы ыңкылаптан кийин Кыргызстандын Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы иштен кетип, Жогорку Кеңеш жаңы төрага шайлаган. Бирок Башкы прокуратура комиссия толугу менен тарашы керек деген кайрылууну өкмөт башчыга жолдоду.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев менен Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевге жолдогон кайрылуусунда кылмыш ишин козгоого комиссиянын өз ишине шалаакылык менен мамиле кылып, шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон талапкерлердин арызын өз убагында жеткиликтүү иликтебей койгондугу башкы себеп деп көрсөтүлгөн.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров ушундан улам БШК азыр иштөөгө моралдык укугу жок деген пикирде:

- Эми Борбордук Шайлоо комиссиясын кетирүү президенттин милдетин аткаруучу менен Жогорку Кеңештин компетенциясы. Биз болсо комиссиянын иштешине же иштебешине мыйзамдык негиз болчу жагдайларды тактап беребиз. Бирок биздин оюбузча Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул тутумунда эч кандай шайлоо өткөрүүгө моралдык да, укуктук да укугу жок. Мына азыр Кыргызстанда болуп жаткан окуялардын бардыгы ушул комиссиянын шалаакылыгы менен ишинин кемчилдигинен келип чыкты. Атүгүл соттордун да мыйзамсыз чыгарып жаткан чечимдери да комиссиянын мамилесинен улам болгон. Комиссия сотко же башка жактарга шылтап коюп, өзүнүн милдетин так аткарбай келген.

Ал эми БШКнын азыркы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов болсо Башкы прокурор да, коомдун башка өкүлдөрү да өз оюн айтууга укуктуу деп, кененирээк түшүндүрмөнү кийин берерин билдирди.

Ал эми БШКнын мурдагы төрагасы Сулайман Иманбаевдин айтымында, Башкы прокурордун БШКны таратуу демилгесин колдоого алчу учурлар көп. Бирок комиссияны азыр таратуу мүмкүн эмес.

Биринчиден, президенттик шайлоо алдында жаңы курамдагы комиссиянын иштеши опурталдуу жана президенттик шайлоонун кызыкчылыгына карама-каршы келиши толук мүмкүн. Экинчиден, эмдиги жылга чейин иштөөгө шайланган комиссиянын тутумун кетирүүгө мыйзам жол бербейт:

- Мыйзамда ага жол берчү жобо жок. Бир гана жолу бар, эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү же төрагасы өз арызын берип кетет. Же болбосо одоно мыйзам бузуулар жана башка жагдайлар боюнча соттун кетсин деген чечими болсо ишин токтотот. Мыйзамда Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөнөтүнөн мурда иштен кетүүсүнө 4-5 гана негиз бар. Анын биринчиси, шайлоо мүчөлөрү өзүлөрү арыз берсе, экинчиси комиссиянын мүчөсүнө байланыштуу соттун күчүнө кирген өкүмү болсо иши токтойт. Андан тышкары БШКнын мүчөсү өлкө чегинен чыгып, атуулдугун жоготсо же каза болуп калса жана комиссия өз милдетин такай аткарбай койсо кетирүүгө негиз болот. Андан башка себеп жок.

Ал эми БШКнын азыркы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов «Агым» гезитинин жумадагы санына берген интервьюсунда өзү 2010-жылга чейин шайлангандыгын жана азыр элдин ишенимин актоо үчүн аракеттенип жаткандыгын билдирди.

БШКнын экс-төрагасы Сулайман Иманбаев төрага комиссиянын тутуму менен бирге шайланып, бирге иштешин мыйзам талап кылаарын төмөнкүчө билдирди:

- Мыйзам боюнча БШКнын курамы 5 жылга бир шайланат жана мөөнөтү бүткөндөн кийин төрагасы менен чогуу кетет. Бул комиссиянын укуктук милдети 2006-жылдын июнь айында аяктайт. Азыркы төрага мыйзам боюнча ошого чейин гана шайланды. Ал коомчулукка бир аз туура эмес маалымат берип жатат.

Айрым байкоочулар мамлекет үчүн өтө жооптуу учурда - президенттик шайлоо алдында БШКны таратуу өтө кооптуу окуя экендигин эскертип жатышат.

Бирок азыркы БШК талаш-тартыштуу парламенттик шайлоо маалында өзүн татыктуу жана калыс көрсөтө албаган учурлар да коомчулуктун көз жаздымынан четте калбай турган нерсе, - дейт "Асаба" партиясынын жетекчиси А. Бекназаров.

XS
SM
MD
LG