Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Жалалабадда «Хизб-ут-Тахрир» диний уюмунун баракчаларын таркатуу күчөдү


ЖАЛАЛАБАТ. Жашыруун партиянын өзбек жана орус тилинде чыккан баракчаларында 13-майдагы Анжиян окуясы сынга алынган. Анда көп адамдын өмүрү кыйылган кандуу калааба “Хизб-ут -Тахрир” же “Акрамий” деген саясий уюмдар эмес, өзбек бийлигинин көрсөтмөсү менен атайын топтор жасаган иш деп бааланган. Андан тышкары мындай ишке Америка менен Орусияга таянып барды деп жазылган. Андан тышкары Өзбекстандын президенти менен өкмөтү кызматтан кетсин деген талап коюлган. Мындай баракчалар Жалалабат шаарынын көчөлөрү менен базарларына, Сузак, Базаркоргон, Ноокен, Аксы райондорундагы айылдарга таркатылган. Облустук ички иштер башкармасы баракча таркаткан эки киши кармалганын билдирди.

XS
SM
MD
LG