Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

АКШ ПРЕЗИДЕНТИ МААЛЫМАТ ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРДҮ


Замира Кожобаева, Прага АКШ президенти Жорж Буш 31-майда БУУ жана Орусиядан тартып Өзбекстанга чейинки маселелерди камтыган маалымат жыйынын өткөрдү. Ошондой эле анда Гуанатанамо түрмөсүн “Биздин замандын Гулагы” деп атаган Эл аралык мунапыс уюмунун жылдык отчету тууралуу да сөз болду.

Буш Эл аралык мунапыс уюмунун мүнөздөмөсүн Кошмо штаттардын максаты-дүйнө жүзүндө адам укугун коргоону өнүктүрүү экендигин белгилөө менен четке какты. Анын айтымында АКШ президентинин администрациясы адамдарды динине байланыштуу кордоп же коркутуу болгон-болбогондугу тууралуу бардык маалыматтарды изилдеп жатат:

- Кармалгандар миңдей киши. Биз алардын ар биринин арыздары менен таанышып чыктык. Менимче, Эл аралык мунапыс уюмунун айрым тыянактары камактагылардын сөздөрүнө эле негизделген. Анткени кармалгандар Американы жаман көрүшөт, керек болсо алар чындыкты жашырып, жалган айтууга үйрөнүшкөн. Бул болбогон нерсе.

Ал эми Өзбекстандагы бийликтин элге ок атуусуна эмне үчүн АКШ президенти унчукпай атат деген суроого Буш төмөнкүдөй жооп берди:

-Биз эл аралык кызыл чырым коому Анжиянга кирип, ал жердеги кырдаал тууралуу аныктоосун айтып чакырдык. Биз өзүбүздүн досторубуздан да, каршылаштарыбыздан да адам укугун жана улуттук азчылыктарды урматтоону гана күтөбүз. Анткени бул дүйнө таза жана бейпил болушу үчүн бийлик адам укугун чындап урматташы керек.

Маалымат жыйынында ага БУУга элчи кылып Жон Болтонду көрсөткөндүгү тууралуу суроо да берилди. Анткени АКШ сенатынын оппозициялык демократтары Ак үйдөн Болтондун мурунку иштери тууралуу маалыматтар берилүүсүн талап кылып, анын талапкерлигин кароону кечиктирип жатышкан эле.

Буш муну жөн гана создуктуруу тактикасы деп атады. Ал Болтонду туура тандалган талапкер деп айтып, анын БУУга карата элдин ишенимин арттырууга көмөк көрсөтө ала турган адам деп билдирди:

- Менин Болтонду тандап алганымдын себеби: ал койгон максатына жетүү үчүн күчүнүн барынча аракет кылган адам. БУУ америкалыктардын ишениминен чыгып баратат. Ошондуктан биз ишенимди кайра калыбына келтирүүбүз керек. Жылына БУУга 2 000 млн. доллар төлөнөт. Ошондуктан бизге БУУда “Качан реформа баштайсыңар?” деп айта ала турган адамдын болуусу зарыл.

Ошондой эле АКШ президенти Европа Биримдигинин дүйнөлүк соода уюмуна Иранды мүчө кылып алуу тууралуу сунушун да кубаттады. Ал муну менен Иранды өзөктүк куралдан баш тартууга үндөө үчүн сүйлөшүүлөрдү алдыга жылдырууга жеңил болорун жана ушундай эле ыкма менен Түндүк Кореяны да сүйлөшүүгө тартууга мүмкүн экендигин билдирди. Болбосо Түндүк кореяга мындан башка бир гана жол—согуш жолу калат деди АКШ президенти Жорж Буш.

XS
SM
MD
LG