Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Үч ири объект экс-президенттин үй-бүлөсүнө тиешелүү делген тизмеден чыгарылды


БИШКЕК. «Мадина» соода борбору, «Интергласс» жоопкерчилиги чектелген коому, «Энергобанк» акционердик коому Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө, жакын адамдарына тиешелүү делген тизмеден алынды. Бул тууралуу чечимди 24-марттагы ыңклаптан кийин түзүлгөн Аскар Акаевге, анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына тиешелүү мүлктү аныктоо боюнча комиссия чыгарды. Адегенде Акаевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына тиешелүү делген тизмеге 43 ишкана киргизилсе, кийинчерээк бул тизмеге кирген ишканалардын саны 176га жеткен. Комиссия ишинин жүрүшүндө Акаевдин үй-бүлөсүнө «Бител» ишканасы, Кант шифер заводу, «Народный» деген аталыштагы дүкөндөр түйүнү, «Силквей» соода борбору, «Манас интернэшнл сервис», «Аалам сервис» жана башка ишканалардын тиешеси бар экендигин аныктоодо.

XS
SM
MD
LG