Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

МУРДАГЫ ПРЕМЬЕР-МИНИСТР НИКОЛАЙ ТАНАЕВГЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ


6-июнда парламент Кыргызстан Акыйкатчысынын отчетун талкуулады. Ага улай депутаттар өкмөт башчынын сунушу менен Башкы прокурорлукка дайындалып аткан Азимбек Бекназаровго суроолорду беришип, талкууну кийинки күнү да улантмай болушту. Парламентте Азимбек Бекназаров бюджеттин 40 миллион сомун өзүнүн уулу жетектеген фирмага котортуп ийген мурдагы өкмөт башчы Николай Танаевди, мурдагы президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаевди кармоого уруксат берилгенин билдирди.

Парламент бул күнү Акыйкатчынын отчету боюнча талкууну улантышып, анын ишин «канааттандырарлык» деп баалашты. Турсунбай Бакир уулунун маалымашынча, адам укугун коргоо институту уюшулгандан бери ага 30 миң ашуун адам кайрылган. Акыйкатчы мындан ары да парламент менен тыгыз карым-катышта иштей тургандыгын айтып, колдоо көрсөткөн депутаттарга ыраазылыгын билдирди.

Түшкө жуук өкмөт башчы, президент милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев парламентке Азимбек Бекназаровду Башкы прокурорлукка сунуш кылды:

- Анын түздөн-түз жетекчилиги алдында өз убагында Кыргыз Республикасында коомдук сезимди козуткан биртоп кылмыш иштери прокуратура органдары тарабынан кайра козголгон. Андан тышкары «Мыйзамдуулукка туруктуулук жана укук тартиби аркылуу» деген ураан алдында 100 күнгө Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын биринчи кезектеги аракеттеринин программасы иштелип чыккан жана бекитилген.

Эки айдан бери жооптуу кызматта отурган парламент депутаты эми мандатын өткөрүп, мыйзам коргоо ишин аркалоого толук бел байларын айтты. Азимбек Бекназаров бюджеттин 40 миллион сомун өзүнүн уулу жетектеген фирмага котортуп ийген мурдагы өкмөт башчы Николай Танаевди, мурдагы президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаевди кармоого уруксат берилгенин билдирди.

- Санкцияны экөөнө тең бердик. 30-майда берилди. Николай Тимофеевич 40 миллион сом акчаны социалдык коргоодон алып аны башка объектилерге өзүнүн баласы башкарган фирмасы аркылуу котортуп жиберген экен. Бюджет мыйзамын бузуп атат. Пенсия, пособиелерди өзүнүн токтому менен башка жакка которуп жатат. Бирок өкмөт токтому коллегиалдуу алынышы керек. Карап көрсөк, токтом коллегиалдуу алынган эмес, өзү эле кол коюп койгон. Экинчиси, «күйөө бала» боюнча. Ал бир нече кылмыш иши боюнча өтүп жатат. Бирок бизге далилденгени «Аалам сервис» боюнча. Ошондуктан ага ушул иш боюнча издөө салып жатабыз.

Депутат Ө.Бабанов ушу тапта Акаев менен анын жакындарына тийиштүү мүлктү аныктап чыгуунун түйшүгүн өзүнө алган өкмөттүк комиссиянын ишине ичи чыкпастыгын айтты:

- Сиз билесизби, «Инэксимбанкка» депозитке 20 миллион доллар түштү?

- Билбейт экем.

- Билбесеңиз мен айтып коеюн. Бул «Альфа груптун» артында болуп аткан чатак. «Альфа групп» «Инэксимбанкка» 20 миллион доллар депозитке салды. Ушуну Башкы прокурор катары сиз изилдеп чыгышыңыз керек. Анткени, «Инэксимбанктын» түздөн-түз Данияр Үсөновго тиешеси бар.

А.Бекназаров өкмөттүк комиссия кийинки айдын соңуна чейин ишти аягына чыгарып, А.Акаев менен анын жакындарынын өлүү дүйнөсүнүн дарек-дайнын так аныкташаарын билдирди. Талаштуу ишке чекит коюуга эрте, ушу тапта А.Акаев менен анын жакындарынын чет жердеги дүйнө-мүлкү, Орусия, Түркия, Швейцариядагы айрым ээликтеринин чоо-жайын тактоо милдети турат.

Парламент талкуусунда кыйла жылдардан бери «Чубактын кунундай» чубалып келаткан коррупциялык чатактар акыры келип укуктук баасын алабы суроосу арбын болду.

30 миллион долларлык бүдөмүк ишти артынып келаткан айтылуу «Жибек жолу» долбоорун үзгүлтүккө учураткандар, 10 миллион долларлык Пакистан кредитинин дарек-дайны, 18 миллион долларды артына качкан Ш.Жайсаңбаевдин чуусу, «Рентон групп» фирмасынын айланасындагы талаштар ушу кезге чейин укуктук баасын алалек.

XS
SM
MD
LG