Март ыңкылабынан кийин Башкы прокурордун милдетин аткарууга дайындалган Азимбек Бекназаров жарыя кылган 100 күндүк программанын башкы максаты - мурунку бийлик учурунда жасалган мыйзамсыз иштердин бетин ачып, мамлекет тарткан чыгымды кайтаруу жана мыйзамдуулукту калыптандыруу. Прокуратура азыр 6 багытта, тактап айтканда, бажы, салык, бюджеттик каражатты пайдалануу, жер бөлүштүрүү, менчиктештирүү жана шайлоону өткөрүү иштеринин мыйзамдуулугун текшерүү багытында иш жүргүзүп жатат. Коллегияда айтылган маалыматтарга караганда, бардык облустар, Бишкек, Ош шаарлары жана министрлик, мекемелердин бири да калбай коррупциялашкан мурунку бийликтин кол баласына айлангандыгы айкындалууда.
Бишкек шаарынын прокурору Өмүрбек Кутуевдин айтымында, прокуратура Бишкектеги чоң пайда берүүчү жайлар, анын ичинде «Силк веу» дүкөнү, «Пишпек», «Алатоо» мейманканалары кантип менчиктештирилип, «Нарын» ресторанын экс-президенттин уулу Айдар досу Асан Ниязов экөө 1 миллион сомго кантип сатып алгандыгын жана башка ири жайлар арзан баада кантип менчиктештирилгендигин иликтеп жатат. Маселен, «Инструментальщик» стадиону 2000-жылы Акаевдин жеке буйругу менен бир күндө түзүлгөн Туркиялык «Импаш-Манас» биргелешкен ишканага ошол эле күнү сатылган:
- Бүгүнкү иликтөөлөр Аскар Акаевдин маселе тез жана оң чечилсин деп кол койгондугун аныктады. Ага ылайык Юстиция министрлиги 2000-жылдын 25-майында «Импаш-Манас» ишканасын каттап, ошол эле күнү Ички иштер министрлиги менен келишим түзүлүп, Бишкек мэриясы күндүз үлгүрбөй калып, эртеси таң эртең менен жер бөлүп берген.
Бардык облустардын прокурорлорунун билдирүүсү боюнча, акыркы жылдары жерди жең ичинен бийлик башында тургандарга бөлүштүрүү коррупциялашкан сооданын мыкты товарына айланган.
Чүй облусунун прокурору Кадыркул Бакировдун айтымында, өткөн айда Аламүдүн районундагы «Көкжар» айыл өкмөтүнүн жетекчилерине жана президенттик администрациянын мурдагы башчысы Тойчубек Касымовго каршы кылмыш иши козголду. Анткени, Касымовдун күйөө баласы, жээни жана эки баласына жер мыйзамсыз берилген:
- Касымовдун бир күйөө баласы, эки баласы жана Дүйшөналиев деген бир жээнине 10 гектардан 40 гектар жер бөлүнүп берилген. Андан кийинки жылы ал жерлер иштетиле электе эле дагы 20 гектардан жер берилген. Бизде «Касымов өзү келген, мажбурлап эле бөлдүртүп алган» деген көрсөтмөлөр бар. Эч кандай документи жок эле айыл өкмөтү чечим чыгарып берип койгон.
Кадыркул Бакировдун айтымында, Чүй облусунун аймагындагы кирешелүү «Карабалта спирт» заводунун пайдасын казакстандык күйөө бала Адил Тойгонбаевдин туугандары түзгөн «Адаск» фирмасы көрүп турган:
- «Адаск» дегенди чечмелегенде Адил Тойгонбаев, Даврон Каттообеков деген, жалпысы 5 кишинин атынын баш тамгаларын жазып уюштурушуптур. Ал бешөө тең Казакстандын атуулдары экен. Алар фирманы Осмонов деген кыргыз атуулунун атына каттатып коюп пайда табышкан. Карабалта кант заводундагы патоканын тоннасын 2 миң 300 сомдон алып, аны башка заводдорго 7 миң сомдон сатып, ар бир тоннасынан 5 миң сомдон өз чөнтөгүнө салып турушкан. Азыр алардын куйругун табуу кыйын болуп жатат.
Ал эми «Мээрим» фондунун карамагына бекер, белек катары өткөрүлүп, жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланып, бирок иштебеген жайлар боюнча ар бир облуста ондогон кылмыш иштери ачылды.
Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун айтымында, кылмыш иштери боюнча түздөн-түз тиешеси бар Акаев, Танаев жана Адил Тойгонбаевдерди суракка чакырууга каражат жетишпей жатат. Ошон үчүн Орусиянын тартип коргоо органдарына кызматташуу боюнча атайын кат жөнөтүлдү.
Ал эми Акаевдин тушунда мыйзамсыз иштерге жол берген мамлекеттик кызматкерлер менен тартип коргоо органдарынын жоопкерчилигин атайын комиссия иликтеп жатат. Ал тууралуу Азимбек Бекназаров буларга токтолду:
- Комиссия чуулгандуу иштердин болушуна кимдер, күч органдарынын кайсы кызматкерлери жол берген, эмне үчүн буларды мурда көргөн эмес деген маселени тергөө менен бирге эки тараптуу иликтөө жүргүзүп жатат.
Коллегияда прокуратура кызматкерлеринин азыркы аракети 100 күндүк программанын жыйынтыгы менен бааланары маалымдалды.