Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:42

Сурабалдиевге кол салуу Бакиевге маалымдалды


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы Авазбек Атаханов Жыргалбек Сурабалдиевдин өмүрүнө кол салуу тууралуу түштүктө иш сапар менен жүргөн Бакиевге кабарланганын билдирди. Анын айтымында Бакиев кылмышты терең иликтөө тууралуу тартип коргоо органдарына тапшырма берди:

- Ал киши тартип коргоо органдарына буйрук берди. Окуяны терең иликтеп, бекем көзөмөлгө алып, иликтөөнү тез арада аягына чыгарууну тапшырды.

Авазбек Атахановдун айтымында, Бакиевдин иш сапары 10-июнда соңуна чыгып, ал ушул эле күнү борборго кайтып келет.

XS
SM
MD
LG