Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:04

ОШ ДАЛЕ ТЫНЧ ЭМЕС


Кубанычбек Жолдошев, Ош 14-июнь күнү Ош шаарынын борбордук аянтында эки жүзгө жакын адам катышкан митинг өттү. Митингдин катышуучулары негизинен шаарда бейпилдикти камсыз кылуу жана 13-июнь күнкү “Алай” мейманканасынын жанындагы ок атуунун күнөөкөрлөрүн аныктоо талаптары менен чыгышты.

Эртең мененки саат он бирлерден өтүп борбордук аянтка 13-июнь күнү “Алай” меймаканасынын жанында болгон окуянын күбөлөрү, депутат Баяман Эркинбаевдин ээликтерине каршы талаптар менен чыгышкан адамдар чогулушту. Митингдин катышуучулары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн эл алдына чыгуусун өтүнүшүп, төмөндөгүдөй талаптарды коюшту:

- Курал катары колдонуп атасыңарбы, же тамаша кылып атасынарбы, кандай болсо да биз өлбөй калалы, булар өлсө өлүп кетсин дешет. Силерди ушул энелер алып келип ушул столго отургузуп койгон. Эмне себептен бирөөңөр чыгып, Баяман эркек болсоң бул жака чык, деп сүлөй албайсыңар.

- Элди, энелерди коргосун деп шайлаганбыз, булар коргободу. Акча топтоп ок, курал алган экен. Ошол куралы менен атты кечээ бизди. Губернатор бүтүн ааламга Баяман баатыр дейт, - деген талаптарын коюшту Элдик кыймыл деген аталыштагы депутат Баяман Эркинбаевге каршы багытталган уюмдаштыктын мүчөлөрү.

Бир канча убакыттан соң митингге Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мамасадык Бакиров келип, 13-июндагы окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди:

- Бардык нерсени кечээ, бүгүн да эртең менен тиешелүү органдар менен сүйлөшүү менен бирге иш жүрүп жатат. Бул боюнча кечетен бери иш ачылды. Бул ишке жооптуу киши жооп бериши керек.

Ал эми депутат Баяман Эркинбаев 13-июндагы “Алай” мейманканасынын жанында болгон ок атуу боюнча төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

- Жанагы 4-5 киши эки жүзгө жетпеген жаш балдарды колунда автоматы менен, машинанын ичинде боеприпас гранаталары менен “Алай” мейманканасынын алдына алып барып, биздин офистеги, мейманкадагы элдерге ок чыгарган. Ушунун негизинде бир топ кишилер жарадар болду.

Жергиликтүү талдоочу Абдувахап Мониев Ош шаарындагы кырдаалдын курчуп кетишин бийликтин алсыздыгы менен байланыштырды:

- Ачыгын айтып коюш керек, бүгүнкү күндө Кыргызстандын официалдуу бийлиги чындыгында мамлекеттик бийликтин күчүн көрсөтө алган жок. Ошону көрсөтө албагандыктан, өтө чечкинсиз аракет кылгандыктан, өтө коркоктук кылгандыктан, ар ким менен соодалашкындыктан бүгүнкүдөй башаламандыктар чыгып жатат.

XS
SM
MD
LG