Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:00

ШАЙЛОО ШАРДАНЫ: БИР АЙЛЫК МАРА


Кыргызстанда бийлик алмашкандан бери өкмөттүн колундагы маалымдоо каражаттарын өз алдынчалыкка өткөрүү, улуттук телекөрсөтүү, радиоуктурууну коомдук телерадиого айлантуу демилгеси көтөрүлүп келатат. Президент шайлоо алдында бул маселе өзгөчө саясий өң-түс алууда.

Антишке маалымдоо каражаттарынын ортосундагы чоң ажырым, ичара өкмөттүк жана өз алдынча деп экиге бөлүнүп алышканы, ага кошумча президент шайлоо алдында аткаруу бийлигинин колбаласына айланган маалымат каражаттары жабылып бийлик башындагы адамды гана мактап, калгандарын каралап жатып алышы себеп болду көрүнөт. Өкмөттүк менен өз алдынча маалымдоо каражаттарынын ортосундагы түгөнбөс «сөз урушун» айтпай ак коелу. Иши кылып, А.Акаев заманынан калган жагымсыз жагдайды жоюш амалында биртоп маалымдоо каржаттарынын өкүлдөрү элдик ыңкылаптан кийин өкмөттүк гезиттерге боштондук берип, улуттук телерадиокорпорацияны коомдук телерадиого айландыруу сунушун көтөрүп чыгышкан.

Анын чоо-жайын «Журналист» коомдук бирикмесинин жетекчиси Кубан Мамбеталиев мындайча түшүндүрөт:

- Биз баары бир ушул принциптерди – сөз эркиндиги принциптерин, мамлекеттик гезиттерди жанагындай «каамыттан» бошотуш керек, райондук, облустук гезиттер жергиликтүү бийликке кул болбош керек, деп айта беребиз. Мамлекеттик деңгээлдеги үч гезит жетекчилери премьер-министрдин, президенттин буйругу менен дайындалбашы керек. Аларды мындай көз карандылыктан бошотуу керек. Биз ушуну айтып жатабыз.

Андан аз өтпөй парламент депутаты Дооронбек Садырбаев кесиптештеринин алдына жаңы мыйзам долбоорун сунуштап, шайлоого аттанып аткан талапкер кызматын таштап, катардагы жаран катары эл сынынан өтүшү керектигин ырастап чыкты. Депутаттардын көпчүлүгү жаңы мыйзам долбоорун колдогон жок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаеванын ырасташынча, мамлекет башчысы кызматын убактылуу таштап шайлоого аттанганда анын ишин аткарып кете алчу техникалык өкмөт түзүү салты жайылтыла элек.

- Тилекке каршы, биздин Кыргызстандын ошондой шарты жок. Техникалык өкмөт болсун ортосунда. «Интеррим говернмент» деп коет башка өлкөлөрдө. Мына, биз революциядан жаңы эле чыктык. Эч кандай туруктуу күчтөр жок биздин коомдо. Өкмөттүн өкүлү президенттикке чыгып атса бюджетти пайдаланбаш керек.

Баш-аягы бир айга жакын созулчу шайлоонун үгүт иштери башталды. Мыйзам тартибинде БШК каттоосунан өткөн маалымдоо каражаттары бул ишке катышат.

Улуттук телерадиокорпорациянын вице-президенти Бейшенбек Бекешовдун айтымында, улуттук телеканал талапкерлердин баарына бирдей мүмкүнчүлүк берүү аракетин көрүүдө.

- Бизди сотко бербесин деп эч кандай мыйзам бузууга жол бербей жатабыз. Өкмөттүн иш-чараларын чагылтабыз, бирок анда шайлоого таасир тийгизе турган сөздү кетирбешке аракет кылып жатабыз.

Парламент шайлоодон тутанган элдик ыңкылаптын аркасында Кыргызстанда бийлик алмашып, абсолюттук дегидей укукка ээ болуп алган мурдагы президенттин жосунун болтурбаш амалында бир айдан ашуун убактан бери Конституцияга өзгөртүү, алымча-кошумчалар киргизилип жатат. Өлкө биринчи ирет калыс, адилет президент шайлоо өткөрө турганын жарыя айтууда.
XS
SM
MD
LG