Киевде Дүйнөлүк экономикалык форум уюштурган эл аралык бизнес конференция башталды. “Украинадагы мини-Давос” деп да аталган жыйынды украин өкмөтү өлкөгө жаңы инвестиция тартуу жана чет элдик ишкерлер менен кызматташууну жакшыртуу максатында уюштурду. Жыйында орун басар премьер-министр Олег Рыбачук Украинадыгы өкмөттүк менчиктеги көпчүлүк ширкеттер сатылаарын жарыя кылды. Экономикалык форумга алты өлкөнүн мамлекет башчылары, эл аралык ири компаниялардын 150гө жакын жетекчиси келди.