Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:33

ФЕЛИКС КУЛОВ: «БАШ АЛАМАНДЫКТАРГА, ТАЛАП-ТОНООЧУЛУКТАРГА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ»


Бакыт Аманбаев, Бишкек Акүйдүн жанында болгон окуялар боюнча ушул эле күнү биринчи вице-премьер-минстр Феликс Кулов Жогорку Кеңеш отурумуна келип маалымат берди. Ал нааразылык иш чараларынын катышуучулары таратылгандыгын жана аткаруу бийлиги келечекте мындай баш аламандыкка жол бербей тургандыгын убада кылды

Феликс Кулов өлкөдөгү кырдаалга мындайча баа берди:

- Өзүңүздөр көрүп тургандай элдер тарашты, кырдаал калыбына келди. Эми окуяга Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук кызматы укуктук баасын бериши керек. Мага эмдигиче Барктабасовдун жактоочуларынын Акүйгө эмненин негизинде, кандай максатта киришкендиги белгисиз. Иш жүзүндө алардын аракеттери, талаптары так болуш керек эле. Жөн эле Акүйдү ээлеп алуу-бул мыйзамсыз.

Ошондой эле Феликс Кулов келечекте мындай баш-аламандыктарга жол берилбей тургандыгын жана күүгүм киргенде март ыңкылабынан кийинкидей талап-тоноочулукка жол берилбей тургандыгын билдирди:

-Мен расмий түрдө билдирем. Мындай окуяларга эми жол берилбейт. Талап-тоноочулук болбойт. Коопсуздук чаралары күчөтүлөт.

Андан соң депутаттар өлкөдөгү кырдаалды жабык эшик алдында талкуулашты. Талкуу учурунда депутаттар кандай чечим кабыл алышты, деген суроого депутат Кубатбек Байболов мындайча жооп берди:

- Эч кандай чечим кабыл алынган жок. Жалпы кырдаал боюнча сөз болду. Бирок депутаттардын көпчүлүгү Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүнү тез-аранын ичинде кабыл алууну талап кылышууда. Мен дагы ошондой ойдомун. Себеби Баш мыйзамда бийликтин ыйгарым укуктары так бөлүштүрүлдү. Нааразылык акциясынын катышуучулары да иштелип чыккан долбоорду тезинен кабыл алууну талап кылышууда.

Ал эми айрым депутаттар Бишкекте орун алган бул күнкү окуяны март ыңкылабынан кийин бийликтен кеткен күчтөр Барктабасовду жамынып алып уюштурууда деген пикирде. Бул тууралуу Исхак Масалиев мындай дейт:

- Бул окуяны бийликтен кеткен күчтөр, Барктабасовду пайдаланып уюштурушту. Алар өлкөдө баш-аламандыкты уюштуруп кайрадан бийликке келгенге аракет жасашууда.

Мындай пикирге Урмат Бактабасовдун жактоочулары макул эмес. «Мекеним-Кыргызстан» кыймылынын мүчөсү Бермет Турдуниязованын айтымында, Урмат Барктабасов менен Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнүн эч кандай байланышы жок.

XS
SM
MD
LG