Дүйнөлүк банк 1990-жылдан бери өткөөл мезгилди баштан кечирип келаткан мамлекеттерде башка тармактарга салыштырмалуу юридикалык реформада ийгиликтер дээрлик болгон жок дейт. Бул боюнча аталган докладын ушул дүйшөмбүдө жарыялаган банк бир катар постсоветтик мамлекеттердин мыйзам жаатындагы өксүктөр бири-бирине окшош экенин белгилейт.
Мисалы бул региондун ичинде Европа Биримдигине мүчө болуп кирген мамлекеттер мыйзамдуулук системасынын негизин түздү деген ой сөз бойдон, кагаз бетинде гана калууда. Ал эми соттун чечимдерин аткаруу өтө эле жай жүрүп жатат дейт аталган отчеттун авторлорунун бири Шерил Грей айым.
- Өткөөл мезгилдин алгачкы жылдарында негизги басым мыйзам чыгарууга коюлуп, базар экономикасына ылайык мыйзамды, жаңы Конституцияны, жаңы атуулдук кодекс менен соода-сатыкты көзөмөлгө алчу мыйзамдарды жазуу тезделе баштады. Албетте, өзгөрүүлөргө болгон мындай тез бурулуш көптөгөн донорлорду, анын ичинде, Дүйнөлүк Банкты да, кубандырып, алар ошол мыйзамдар кабыл алынышы үчүн көмөк көрсөтө башташкан. Бирок азыр, убакыт көрсөткөндөй, ошол кабыл алынган мыйзамдарды жергиликтүү институттар аткарууга даяр эмес экен.
Аталган баяндамада айтылган дагы бир маанилүү бөлүктөрдүн бири региондогу сот системасынын ишине байланыштуу. Дүйнөлүк банктын эксперттери бул аймактарда акыйкат, адилет сот системасын түзүү зарыл деп эсептешет.
Биздин маектеш Грей айымдын айтымында, бул мамлекеттерде юридикалык реформанын тезирээк ишке ашырылышына экономиканын таасири канчалык деңгээлде огожо боло алаарын аныктоо татаал. Бирок түрдүү изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, жөнөкөй атуулдар менен ири ишкерлерде сотторго ишенбөөчүлүк сезими күч.
Дүйнөлүк банктын докладында “аталган аймактагы мамлекеттерде жетекчилердин төрттөн бири гана “сот акыйкат чечим чыгарат” деп ишенишет” деп айтылат.
Албания, Кыргызстан, Молдова жана Орусиядагы соттордон кийин бул көрсөткүч мындан да төмөндөп кеткен. Жалпысынан өткөн кылымдын 90-жылдарынан тарта атуулдар арасында сотторго болгон ишеним жоголо баштады делет билдирүүдө.
Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө сот реформасын жигердүү жүзөгө ашыруу чакырыгы улам жаңы күч менен айтылып жатканы баяндамада баса белгиленет.