Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

БОЗГУНДАРДЫН ҮСТҮНДӨГҮ КАРА БУЛУТ КАЙРА КОЮЛАНА БАШТАДЫ


Кыргызстандын бийлиги өзбекстандык качкындарга башпаанек бериши керек, эгерде ырасмий Бишкек Анжияндан келген качкындарды өз мекенине кайтарып берсе, анда качкындар Өзбекстандын тартип коргоо органдары тарабынан зомбулукка кабылышат. Ушундай билдирүүсүн 23-июнда “Хюман Райтс Уотч” уюмунун өкүлү Акейша Шилдс айым маалымат жыйынында жасады.

«Хюман Райтс Уотч» уюму Анжиян окуяларын «кыргын» деп атады. Аталган уюмдун Борбор Азия өлкөлөрү боюнча илимий кызматкери Акейша Шилдс Кыргызстан өзбек качкындарын өз мекенине кайтарып берсе, анда эл аралык коомчулуктун, эл аралык нормалардын эреже-жоболорун бузаарын билдирди:

- Кыргызстан эл аралык коомчулуктун мүчөсү. Кыргызстан качкындарды Өзбекстанга берүү менен бирге эл аралык коомчулуктун стандарттарын бузат. Башпаанек издеген 29 адам Ошто камакта жатат. Азыр алар кайра Өзбекстанга депортацияланат деген коркунуч бар. Бизде ошондой эле азыр Жалалабаттагы качкындар лагериндеги дагы бир нече дамдар камакка алынат деген маалыматтар бар. Бизде Өзбекстанда элди зомбулукка тартып жатканын далилдеп турган бир топ документтер бар.

Ошондой эле Акейша Шилдс Өзбекстандын бийлиги Кыргызстанда башпаанек издеп жаткандар террорчулар жана экстермисттер деп айтканын тиешелүү документтер менен негиздөөсүн талап кылды.

Ал эми Жалалабат шаарынын “Акыйкат” бейөкмөт уюмунун өкүлү Бакыткан Жапарова ушул күндөрү качкындар лагеринде Өзбекстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрү провакациялык иштерди жасап жаткандарын баса белгиледи:

- Учурда Жалалабаттагы качкындар лагеринде Өзбекстандын атайын кызматтары тарабынан провокациялык иштер жасалып жатат. Лагердеги качкындардын айтымында, качкындардын туугандарын өзбекстандык атайын кызматтардын өкүлдөрү алардын үйлөрүнө кирип, коркутуп кетишет экен. Азыр лагердеги бир да качкын өз мекенине баргысы келбейт.

Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда өлкөнүн Башкы прокурору Азимбек Бекназаров Кыргызстандын аймагында жайгашкан 29 качкындар Өзбекстанга өткөрүлүп берилээрин билдирди. Баш прокурор эл аралык уюмдар качкын менен кылмышкерлерди аралаштырып жатат деген пикирин “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди:

- Биз камакка алаардан мурун ар бирин текшеребиз. Ошол адам чын эле кылмышкерби же жокпу деп. Бүгүн СИЗОго 29 адамды киргиздик. Калгандарын дагы текшерип жатабыз. Анан эл аралык уюмдар качкындар менен кылмышкерлерди аралаштырып жатат. Алар Өзбекстанда кылмыш жасагандарды деле, өтө коркунчтуу кылмышкерлерди деле качкын деп атап атышат. Дагы калгандарын текшерип бүтсөк, баарын биротоло жиберебиз. Аларды кармап отуруунун кажиети жок. Балким алар акрамиддер, Оштогу СИЗОну Анжияндагыдай кылып басып алышат.

Ал эми өлкөнүн акыйкатчысынын орун басары Садык Шернияз өзбек качкындарын өз мекенине кайтарып берүү шашмалык болоорун билдирди:

- Азыр эми качкындар маселесин айта турган болсок, муну өзгөчө кырдаал десек болот. Ошондуктан бардык иштер эл аралык нормалардын алкагында, адам укугу боюнча конвенция бар, ошол конвенцияга ылайык жүргүзүлүшү керек. Көптөгөн адамдарды Өзбектстанга өткөрүп берүү - бул шашмалык деп эсептейм.

XS
SM
MD
LG