Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:10

НААРАЗЫЛЫК ЧАРАЛАРЫНА ТЫЮУ САЛЫНЫШЫ КЕРЕКПИ?


Азиза Турдуева, Бишкек Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өлкөдө туруктуулукту камсыз кылуу үчүн президенттик шайлоодон кийин пикет, митингдерге мораторий жарыялоо демилгесин көтөрүшүүдө. Ал эми бейөкмөт уюмдар мындай демилгеге каршы экендиктерин билдиришип, нааразылык чаараларга мораторий жарыялоого жол берилбеши керек деген пикирлерин айтышууда.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары президенттик шайлоодон кийин туруктуулук орнотулушу үчүн өлкөдө белгилүү мөөнөткө бардык нааразылык чараларга мораторий жарыялоо керек деген пикирлерин билдиришүүдө. Алардын бири депутат Каныбек Иманалиев бул маселе боюнча мындай дейт:

- 24-марттан кийин пикет, митингдер, имараттарды ээлеп алуулар уланып келе жатат. Ыңкылаптар дайыма эле жакшы нерселерди алып келбейт. Айрым учурларда алар граждандык согушка, элди бөлүп-жарууга алып келет. Ошондуктан, эгерде биз президенттик шайлоодон кийин өлкөдө туруктуулук болсун десек, биз бардык нааразылык акцияларга тыйуу салышыбыз керек, аларга мораторий жарыяланууга тийиш. Азыр биздин башкы максат – экономиканы жакшыртуу болуш керек.

Ал эми өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын дээрлик бардыгы пикет, митингдерге мораторий жарыялоо демилгесине каршы чыгышууда. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар Коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов бул маселе боюнча мындай пикирде:

- Атуулдардын эркин чогулууга, пикет, митингдерге чыгууга болгон укуктары эч кандай шарттарда бузулбашы керек. Эмне үчүн биз пикет, митингдерге мораторий жарыялашыбыз керек? Мындай нерсе элинен корккон, элинин пикирин уккусу келбеген, элинен алыс болгон бийлик тарабынан, тоталитардык коомдо гана кабыл алынат.

Ал эми Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов Жогорку Кеңештин айрым депутаттары пикет, митингдерге мораторий жарыялоону Баш мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча долбоорго ылайык сунуштап жатат деген пикирин айтты:

- Конституциялык Кеңешме тарабынан жактырылган долбоордо президенттик шайлоо алдында талапкерлер өз ара келишимге кол коюшат. Ага ылайык, шайлоодо жеңилип калган талапкерлер элди көчөгө алып чыкпайбыз, келишимди сактайбыз деп милдеттенишет. Депутаттар Конституцияга сунушталган ушул норманын негизинде пикеттерге убактылуу мораторий жарылоо жөнүндөгу пикирин айтышууда. Анткени, аларда президенттик шайлоодон кийин нааразылык акциялар орун алып, өлкөдөгү стабилдүүлүктү бузууга алып келиши ыктымал деген кооптонуулар болуп жатат. Бирок атуулдардын эркиндигине чектөөлөр коюлбашы керек .

«Акыйкат жана прогресс» партиясынын жетекчилеринин бири Ишенбай Абдразаков бийлик башчылары элдин нааразылык чарага чыгуу укугун чектөө маселелерге өтө кылдат мамиле жасоого тийиш деген көз карашта:

- Эми пикеттердин ар түрү болот да. Кайсы бир саясатчынын кызыкчылыгын гана колдоп, анын акчасын алып пикеттерге чыккандар да бар. Аларга тыйуу салуу керек. Бирок адилетсиздикке, мыйзам бузууга каршы чыгып, акыйкатты талап кылган адамдар да пикеттерге чыгышат да. Ошондуктан, бул маселе боюнча өкмөт, парламент жакшылап ойлонуп туруп, бир чечимге келиши керек. Башаламандыкка жол бериш керек эмес. Бирок атуулдардын ой-пикирлерин билдирүүгө болгон, эркин чогулууга болгон укуктары бузулбашы керек .

XS
SM
MD
LG